БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда коронавирустун жайылышы басаңдап, эки күндөн бери жаңы учур каттала элек. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин статистикасынан билүүгө болот.
Аталган облуста жана шаарында азыркы тапта 109 адам COVID-19 жуктурганы аныкталды. Анын ичинен 75 киши айыккан, бул бейтаптардын 69 пайызы аман-эсен үйүнө чыгарылганын түшүндүрөт. Ал эми соңку 10 күндүн ичинде 16 тургунга гана вирус жукканы аныкталган.
Региондор боюнча алганда Аксы райондук ооруканасына эки тургун түшүп, бирөө айыгып чыккан.
Кара-Көл жалпы дарыгерлик практика борборуна бир адам жаткырылып, ал да сакайып кеткен.
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө 47 адам келип, 41и айыкты. Экөө оор абалда жатат.
Сузак райондук ооруканасына 46 бейтап жаткырылган, бүгүнкү күндө ооруну 24ү жеңди.
Ала-Бука райондук ооруканасынан коронавируска кабылган 13 адам дарыланып, анын арасынан сегизи үйүнө чыгарылган.
Ал эми Ноокен райондук ооруканасына бейтаптар түшкөн эмес.
Коронавирустун кесепети
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.