00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бактыгулов: ЕАЭБ ичинде жеңилдиктерди киргизүү каралууда

© Sputnik / Эркин СадыковСаясат таануучу, "Пикир" регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы Шерадил Бактыгулов. Архив
Саясат таануучу, Пикир регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы Шерадил Бактыгулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясат таануучу, "Пикир" регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы Шерадил Бактыгулов ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда жүк ташуу жеңилдетиле турганын айтты. 
Бактыгулов: ЕАЭБ ичинде жеңилдиктерди киргизүү каралууда

ЕАЭБдин ичинде жеңилдик процедураларын киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Эгерде аталган уюм болбогондо, Кыргызстанга ар бири менен өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө туура келмек. Бул жагынан алганда пандемия учурунда ЕАЭБ өзүн жакшы тарабынан көрсөтүп жатат. Мындай пикирин Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 28-апрелде “Коронавирус пандемиясынын ЕАЭБ өлкөлөрүнө тийгизген экономикалык таасири” деп аталган онлайн-конференция өттү.

“Кыргызстанда эпидемиологиялык абал боюнча жакшы көрсөткүчтөр бар. Мисалы, Нарын шаарында жана Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал токтотулду. Бул вирус менен күрөшүүдө позитивдүү натыйжалар бар экендигинен кабар берет. Ошондой эле жүк ташуу үчүн чек араларыбыз ачык. Албетте дыкат текшерүүлөр жүргүзүлүүдө, бул пандемиядан улам экенин түшүнүшүбүз керек. Бирок санитардык-көзөмөл пункттарынан болушунча тез өткөрүү үчүн ЕАЭБдин ичинде процедураларды жеңилдетүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Автоунааларды бажыдан тоскоолдуксуз өткөрүү боюнча маселелер каралууда. Башкача айтканда, жүк чыга турган жерден текшерилип, багытталган пунктуна чейин жашыл коридор менен өткөрүлөт. Ушундай көйгөйлөрдү жамаат менен чечкенде тездейт. Бул жагынан алганда ЕАЭБ өзүн жакшы тарабынан көрсөтүп жатат. Бул уюм болбогондо Казакстан, Россия, Белоруссия, Армениянын ар бири менен өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө туура келмек. Андай учурда убактыбыз дагы, каражат дагы абдан коромжу болмок”, — деди Бактыгулов.

Серепчи ошондой эле учурда Евразиялык экономикалык комиссияда Кыргызстандын өкүлү иштеп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0