https://sputnik.kg/20200503/belorussiya-9-mayda-parad-otot-1048137892.html
Лукашенко Белоруссия Жеңиш парадын өткөрө турганын жар салды
Лукашенко Белоруссия Жеңиш парадын өткөрө турганын жар салды
Sputnik Кыргызстан
Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу Жеңиш майрамын белгилөө иш-чаралары бардык өлкөлөрдө токтотулган. Белоруссияда вирус жуктурган 16 миңден ашык адам... 03.05.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-05-03T17:39+0600
2020-05-03T17:39+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104469/57/1044695746_0:59:2073:1231_1920x0_80_0_0_5cde2cb012169354eb5d2a14432227dd.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104469/57/1044695746_0:0:2073:1304_1920x0_80_0_0_f18e98560d6f672eb238eb89a70647fe.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, жеңиш күнү, александр лукашенко, улуу ата мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгы
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, жеңиш күнү, александр лукашенко, улуу ата мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгы
Лукашенко Белоруссия Жеңиш парадын өткөрө турганын жар салды
17:39 03.05.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу Жеңиш майрамын белгилөө иш-чаралары бардык өлкөлөрдө токтотулган. Белоруссияда вирус жуктурган 16 миңден ашык адам бар, бирок өлкө буга карабастан парад уюштурууну колдоп жатат.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 75 жылдыгына арналган массалык парадды өткөрбөй коюу туура эмес экенин айтты. Бул туурасында Sputnik Белоруссия жазды.
Лукашенко мындай майрамдык иш-чараларды токтотууга болбойт деп эсептейт.
"Мен бул параддан баш тарта албай турганыбызды айтышым керек. Өткөрбөй коё албайбыз. Мен бул боюнча абдан көп ойлондум. Албетте, мунун идеологиялык мааниси терең. Иш-чарага элди кыйнап катыштыруунун кереги жок. Эгер ден соолугу үчүн корккондор болсо түшүнүү менен кабыл алабыз. Учурда парадга катышкысы келгендер миңдеп саналат", — деди Лукашенко.
Белгилей кетсек, быйыл бир катар мамлекеттерде коронавирус пандемиясына байланыштуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата иш-чаралар өтпөй турган болгон. Кыргызстанда дагы белгиленбейт. Муну менен Белоруссия майрамда парад өткөргөн жалгыз өлкө болуп калат.
Акыркы маалыматтар боюнча, Белоруссияда 16 705 адамга коронавирус жукканы аныкталып, анын 99у каза болгон. Айыгып чыккандардын саны 3196ны түзөт. Өткөн бир сутканын ичинде эле 847 жаңы учур катталган.