БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Ошто 1-майдан тарта ишин жанданткан 53 ишкана санитардык-карантиндик талаптарды толук аткарбаганы үчүн кайрадан жабылды. Бул тууралуу Ош шаарынын комендатурасынын маалымат борборунан билдиришти.
![Ошто 1-майдан тарта ишин жанданткан 53 ишкана санитардык-карантиндик талаптарды толук аткарбаганы үчүн кайрадан жабылды Ошто 1-майдан тарта ишин жанданткан 53 ишкана санитардык-карантиндик талаптарды толук аткарбаганы үчүн кайрадан жабылды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104814/78/1048147870_0:48:1281:853_600x0_80_0_0_9a01accf9299474e45c13aab2c003cf6.jpg)
![Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунда иштеп баштаган ишканаларга санитардык-карантиндик эрежелердин сакталышы боюнча рейд жүргүзүлгөн Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунда иштеп баштаган ишканаларга санитардык-карантиндик эрежелердин сакталышы боюнча рейд жүргүзүлгөн - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104814/78/1048147865_0:68:1280:872_600x0_80_0_0_d7283085d93dd23668fae1795c7cdeda.jpg)
![Анын жыйынтыгында жалпы 141 мекеме-ишкана текшерилип, санитардык талаптарга жооп берген 75 мекемеге иштөөгө уруксат берилди Анын жыйынтыгында жалпы 141 мекеме-ишкана текшерилип, санитардык талаптарга жооп берген 75 мекемеге иштөөгө уруксат берилди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104814/78/1048147860_0:48:1280:853_600x0_80_0_0_b7a403fd1d1a9dfb59d7ef00e4528abb.jpg)
![Ал эми 53 ишкана залалсыздандыруу эрежелерин сактабаганы, кызматкерлери милдеттүү медициналык кароодон өтпөгөнү жана өздүк коргонуучу каражаттардын (бет кап, кол кап, антисептик, кол жуугуч, залалсыздандыруу каражаттары, термометр) жоктугуна байланыштуу ишмердүүлүгү токтотулду. Ал эми 53 ишкана залалсыздандыруу эрежелерин сактабаганы, кызматкерлери милдеттүү медициналык кароодон өтпөгөнү жана өздүк коргонуучу каражаттардын (бет кап, кол кап, антисептик, кол жуугуч, залалсыздандыруу каражаттары, термометр) жоктугуна байланыштуу ишмердүүлүгү токтотулду. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104814/78/1048147880_0:52:1281:856_600x0_80_0_0_20684a03d330f38512419c33b88034ae.jpg)
Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунда иштеп баштаган ишканаларга санитардык-карантиндик эрежелердин сакталышы боюнча рейд жүргүзүлгөн.
Анын жыйынтыгында жалпы 141 мекеме-ишкана текшерилип, санитардык талаптарга жооп берген 75 мекемеге иштөөгө уруксат берилди.
Мындан сырткары 10 ишканага оозеки эскертүү берилип, 3 касапкана жабылган.
Рейдге санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, аймактык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын, Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын, райондук милиция жана комендатуранын кызматкерлери чыккан. Анда мекеме-ишканалар, соода түйүндөрү, чачтарачкана, сулуулук салондору, унаа оңдоочу жайлар, эт сатуучу дүкөндөр, курулуш объектилери жана такси кызматтары текшерилген.