https://sputnik.kg/20200509/aksh-tramp-koronavirus-ozu-zhogolot-1048214485.html
Трамп: коронавирус акыры өзү жоголуп кетет
Трамп: коронавирус акыры өзү жоголуп кетет
Sputnik Кыргызстан
Америка дүйнө жүзүндө вирус жуктурган мамлекеттердин сап башында турат. Ушул тапта өлкөдө 1 283 929 адам оору менен күрөшүүдө. 09.05.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-05-09T11:38+0600
2020-05-09T11:38+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104804/30/1048043099_0:185:3072:1923_1920x0_80_0_0_667140fd31c1f6dfefea71c3e68bf013.jpg
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104804/30/1048043099_0:89:3072:2019_1920x0_80_0_0_4df21b879e2ea0a647cc0139a5181382.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, акш, дональд трамп, дүйнөгө жайылган коронавирус
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, акш, дональд трамп, дүйнөгө жайылган коронавирус
Трамп: коронавирус акыры өзү жоголуп кетет
11:38 09.05.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Америка дүйнө жүзүндө вирус жуктурган мамлекеттердин сап башында турат. Ушул тапта өлкөдө 1 283 929 адам оору менен күрөшүүдө.
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Американын президенти Дональд Трамп коронавирус акыры өзүнөн-өзү жок болуп кетет деген ишенимин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
АКШ лидери жума күнү журналисттерге маек берген.
"Мен дарыгерлердин айткандарына таянып жатам. Алар вирус кетет деп жатышат. Бул анык бир убакытта жок болорун билдирбейт, бирок кайсы бир учурда ал өзү жоголуп кетер. Эгерде бизде вакцина чыкса, андан бетер жакшы болот", — деген Трамп журналисттерге.
Коронавирус тууралуу
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.
Жонс Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 9-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 3 939 119га жетти.
Ал эми АКШ дүйнө жүзүндө вирус жуктурган мамлекеттердин сап башында турат. Ушул тапта өлкөдө 1 283 929 адам оору менен күрөшүп жатат. 77 180 киши каза тапты.