00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ош коменданты Нурдинов элге кайрылып, мээнетти текке кетирбөөнү суранды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшКомендант Оша, Ноокатского и Кара-Сууйского районов Малик Нурдинов
Комендант Оша, Ноокатского и Кара-Сууйского районов Малик Нурдинов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө абал киргенден бери Ош комендатурасынын алдында түзүлгөн тынымсыз байланыш телефондору аркылуу 10 миӊден ашуун жаран түз байланышка чыгып, суроо-талаптарын, сунуш-пикирлерин билдиришкен.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Ош шаары жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты, милициянын полковниги Малик Нурдинов коменданттык сааттын аякташына байланыштуу элге кайрылуу жолдоп, бир катар өтүнүчтөрдү айтты.

Анын билдирүүсү комендатуранын Facebook баракчасына жүктөлдү.

"Урматтуу мекендештер, коронавируска каршы күрөшүүдө оор түйшүктөрдү башыбыздан өткөрдүк. Көпчүлүгүӊүздөр күнүмдүк тиричиликке киреше табуучу иштериӊиздерди токтотууга туура келди. Ошол эле учурда эркин жүрүүгө чектөөлөр киргизилгендигине байланыштуу ыӊгайсыздыктарга дуушар болдуӊуздар. Бул илдеттин адамзатка коркунучу чоӊ экенин түшүнүп, санитардык-карантиндик эрежелерге так болуп, үйдөн чыкпай олтуруп бердиӊиздер. Бекем тартипти сактап, ынтымак менен жасаган аракетибиздин натыйжасында оорунун массалык түрдө таркап кетишине жол берилбей, бөгөт койгонго жетише алдык", — деген комендант.

Комендант города Бишкек Алмаз Орозалиев - Sputnik Кыргызстан
Колдооңуздарга ыраазычылык! Бишкектин коменданты шаар тургундарына кайрылды
Өзгөчө абал кирген мезгилден баштап, тагыраагы, 25-марттан 10-майга чейинки аралыкта Ош комендатурасынын алдында түзүлгөн тынымсыз байланыш телефондору аркылуу 10 миӊден ашуун жаран түз байланышка чыгып, суроо-талаптарын, сунуш-пикирлерин билдиришкен.

"Ошол сунуш пикирлерди эске алуу менен комендатура тарабынан иш мерчемдер түзүлүп, бардык мамлекеттик мекеме-уюмдар максаттуу иш алып барып жатышты. Ош шаары жана Ош облусунун аймагында муктаж болгон 90 миӊге жакын жаранга гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу ушундай пандемия абалына дуушар болгондуктан, кемчилдиктер жана жетишпестиктер болбой койгон жок. Элдин ден соолугу үчүн өзгөчө абалдын режимин камсыз кылууда тиешелүү кызматтар күнү-түнү иштеп жатты", — деди Нурдинов.

Ал 10-май күнү саат 00:00дөн баштап Ош шаарынын аймагында өзгөчө абал алынып, коменданттык саат ишин токтотконун билдирип, мындан кийин дагы эрежелерди сактоону өтүнгөн.

"Өзгөчө абал мезгилинде бизге түшүнүү менен мамиле кылып бардык талаптарыбызды аткарып, колдоо көрсөткөндүгүӊүздөр үчүн жалпыңыздарга ыраазычылык билдиребиз. Бирок 11-майдан баштап Ош шаары жана Ош облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими сакталып кала берет. Ошол себептен ушул кезге чейинки сиздер менен жасаган эмгегибизди текке кетирбей, өзүӊүздүн жана жакындарыӊыздын саламаттыгы үчүн санитардык эрежелерди так сактоону суранабыз", — деген Нурдинов.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1006га жетип, анын ичинен 688и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

Центр НМИЦ здоровья детей Минздрава РФ, где проходят лечение дети с COVID-19  - Sputnik Кыргызстан
Көбү Бишкекте. Бир суткада коронавирус жуктурган 13 бейтап айыкты
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0