БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирустун тарашы боюнча тенденция ылдыйлап бара жатканын билдирди.
Учурда республиканын ооруканаларында 316 адам дарыланууда. Алардын ичинен жетөө оор абалда, төртөө реанимацияда жатат. Орточо оор абалда - 75, канааттандырарлык абалдагы 234 бейтап бар.
"Ооругандардын негизги бөлүгү 20 жаштан 60 жашка чейинки курактагылар. Көпчүлүгү байланыш аркылуу жугузган. Анализ көрсөтүп тургандай, 60 жаштан жогорку адамдар көп ооруйт. Азыркы тапта коронавирустан айыккандардын көрсөткүчү 79,5 пайызды түздү. Ал эми ооруканада жаткандардын 2,8 пайызы оор абалда, 24,4 пайызы орточо оор абалда, 72,8 пайызында илдет жеңил, симптомдору жок өтүп жатат", — деди Үсөнбаев.
Аймактар боюнча COVID-19 жуктургандардын саны:
- Бишкек шаарында — 282;
- Ош облусунда — 180;
- Жалал-Абад облусунда — 147;
- Нарын облусунда — 136;
- Ош шаарында — 113;
- Чүй облусунда — 87;
- Баткен облусунда — 24;
- Ысык-Көл облусунда — 12.
Ал эми Талас облусунда бир да учур катталган жок.
Белгилей кетсек, COVID-19 жугузуп алган 241 медиктин 186сы айыгып кетти. Мындан сырткары, 14 кош бойлуу аял дагы илдетке кабылып, айрымдары сакайып үйүнө чыкты.
COVID-19 жуктурган адамдар менен байланышта болгондордун саны 4 594тү түзөт. Обсервация жайларында 1109 киши жатат. Акыркы бир суткада 1621 анализге изилдөө жүргүзүлдү.
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.