00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кытай коронавирустан жапа чеккендерге 2 млрд доллар берет

© REUTERS / China Daily CDICКытайдагы медайымдар майрам учурунда. Архив
Кытайдагы медайымдар майрам учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БУУ менен кызматташууда Кытайдын аймагында эпидемияга каршы күрөшүү каражаттарына муктаж болгон мамлекеттерге берүү үчүн глобалдуу кампа уюштурулат.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кытай жакынкы күндөрдө коронавирустан жапа чеккен өлкөлөр үчүн эки миллиард доллар бөлө турган болду. Бул туурасында Reuters Кытай жетекчиси Си Цзиньпиндин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ассамблеясында сүйлөгөн сөзүнө таянып кабарлады.

Анын айтымына караганда, акча өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге берилет.

"COVID-19 менен эл аралык күрөшкө түрткү берүү үчүн Кытай эки жыл ичинде жапа чеккен мамлекеттерге жардам жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө 2 миллиард доллар берет. Бул негизинен өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө каралат", — деген Кытай лидери ДССУнун видеоконференция түрүндө өткөн 73-жыйында.

АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
30 күндө талаптарды аткаргыла! Трамп ДCСУга ультиматум койду
Ал муну менен кошо эле Кытай бардык өлкөлөргө пандемия боюнча ачык маалымат берүү маанилүү экендигин айтты.

"Кытай ар дайым ачык болуп, жашырбай, жоопкерчиликтүү болуп келди. Коронавирус жана башка эпидемиологиялык кырдаал туурасында ДССУга өз учурунда маалымдады", — деген ал.

БУУ менен кызматташууда Кытайдын аймагында эпидемияга каршы күрөшүү каражаттарына муктаж болгон мамлекеттерге берүү үчүн глобалдуу кампа уюштурулат. Ал эми аталган каражаттарды жеткирүүгө атайын мүмкүнчүлүктөр каралат.

Жаңылыктар түрмөгү
0