БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү Баткенде аткезчилик жолу менен дары-дармек жана спирт ичимдигинин ири партиясын кармады. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.
© Фото / пресс-служба ГПС КР Кыргызстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү Баткенде аткезчилик жолу менен дары-дармек жана спирт ичимдигинин ири партиясын кармады
![Тажикстанга 3,4 млн. сомдук дары, арак алып бараткан кыргызстандык кармалды Тажикстанга 3,4 млн. сомдук дары, арак алып бараткан кыргызстандык кармалды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104849/22/1048492216_0:0:809:1080_600x0_80_0_0_610f64f5876c7aa334e508228695bb38.jpg)
Кыргызстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү Баткенде аткезчилик жолу менен дары-дармек жана спирт ичимдигинин ири партиясын кармады
© Фото / пресс-служба ГПС КР
Маалыматка ылайык, чек арачылар 30-май күнү Жаштык айылынан Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Текшерүү учурунда 37 жаштагы кыргызстандык кишинин ири партия менен дары-дармек, спирт ичимдигин Тажикстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылганы аныкталган.
© Фото / пресс-служба ГПС КРТовардын наркы — 3,4 миллион сом
![Тажикстанга 3,4 млн. сомдук дары, арак алып бараткан кыргызстандык кармалды Тажикстанга 3,4 млн. сомдук дары, арак алып бараткан кыргызстандык кармалды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104849/22/1048492221_0:0:809:1080_600x0_80_0_0_1dfbf3d9e843fb13575b685c5e9f41d5.jpg)
Товардын наркы — 3,4 миллион сом
© Фото / пресс-служба ГПС КР
Товардын наркы — 3,4 миллион сом.
Айдоочу жана анын товарлары Бажы кызматы менен Финполдун жергиликтүү өкүлдөрүнө өткөрүп берилген. Тергөө амалдары жүрүүдө.