https://sputnik.kg/20200601/atambaev-sot-zharayany-miting-koldoo-ayyptoo-1048514033.html
Соттун имаратынын алдында Атамбаевди колдогон жана айыптаган митинг өтүүдө. Видео
Соттун имаратынын алдында Атамбаевди колдогон жана айыптаган митинг өтүүдө. Видео
Sputnik Кыргызстан
Митингге чыккандардын бир бөлүгү ураандарды жазып алып, аны жазалоону талап кылышууда. Ал эми башка бөлүгү Атамбаевди колдоп, желек көтөрүп турушат. 01.06.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-06-01T13:11+0600
2020-06-01T13:11+0600
2021-12-15T22:38+0600
https://sputnik.kg/img/103252/47/1032524797_0:481:4578:3056_1920x0_80_0_0_427c2b6c4ab20cfc4ca12b8511487104.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103252/47/1032524797_0:0:4075:3056_1920x0_80_0_0_16a314f742eea3d864fc76a0a4051bc4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, алмазбек атамбаев, алмазбек атамбаевдин кармалышы
жаңылыктар, коом, кыргызстан, алмазбек атамбаев, алмазбек атамбаевдин кармалышы
Соттун имаратынын алдында Атамбаевди колдогон жана айыптаган митинг өтүүдө. Видео
13:11 01.06.2020 (Жаңыртылды: 22:38 15.12.2021) Митингге чыккандардын бир бөлүгү ураандарды жазып алып, аны жазалоону талап кылышууда. Ал эми башка бөлүгү Атамбаевди колдоп, желек көтөрүп турушат.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Биринчи май райондук сотунун алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон жана айыптаган митинг өтүүдө.
Учурда Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесс жүрүүдө. Мамлекеттин мурдагы башчысын УКМКнын тергөө абагынан алып келишти.
Ал жерде болгон окуянын сүрөт жана видеосу "Короче" Telegram каналына жарыяланды.
Митингге чыккандардын бир бөлүгү бир топ ураан жазып алып, аны жазалоону талап кылышууда. Ал эми башка бөлүгү Атамбаевди колдоп, желек көтөрүп турушат. Алардын арасында мурдагы мамлекет башчынын жубайы жана баласы да бар.
Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева социалдык тармакка судья Атамбаевди залдан чыгарды деп жазды.
"Бул чечим анын жактоочуларынын Алмазбек Атамбаевдин тордун ичине отургузууга каршы экендигин айткандыктан улам кабыл алынды. Жактоочулар буга негиз жок дешкен. Судья Атамбаевди сотто коргонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты", - деген ал.
Кой-Таш окуясы
Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан соң камакка алынган. Учурда Атамбаев сегиз эпизод менен шектелип, УКМКнын тергөө абагында. Бул окуядан бир киши каза таап, 175 адамдын дарыгерлерге кайрылганы белгилүү болгон.