00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Нарында бейтаптар чатырларда дарыланып жатабы? Министрликтин жообу

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүЧатырларды дезинфекциялоо. Архив
Чатырларды дезинфекциялоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Telegram-каналдардын биринде "Нарында бейтаптардын көптүгүнөн аларды оорукананын короосундагы чатырларда кабыл алып жатат" деген маалымат тараган.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Нарында бейтаптар чатырларга жатып дарыланбайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координаторунун убактылуу милдетин аткаруучу Айнура Акматова билдирди.

Буга чейин Telegram-каналдардын биринде "Нарында бейтаптардын көптүгүнөн аларды оорукананын короосундагы чатырларда кабыл алып жатат" деген маалымат тараган.

Бул кабарды Акматова төгүндөп, чатырлар коронавирус жуктуруп алгандар менен башка оорусу бар бейтаптарды иргөө максатында тигилгенин айтты.

"Оорукананын короосундагы чатырларда коронавирус жуктургандар менен "тазаларды" иргейбиз. Анда дарыгерлер бейтаптардан коронавирус аныкталгандар менен байланышта болгон-болбогонун сурап, дене табын текшерет. Эгер вируска шектелсе, анализ алып жыйынтыгы чыккычакты ал адам обочолонуп турат. Анализи таза чыкса, таза зонага жаткырылат. Эгер вирус табылып калса, анда коронавирус жуктурган бейтаптар жаткан бөлүмгө жөнөтүлөт", — деди Акматова.

Ал бейтаптар чатырларда жатып дарыланбай турганын баса белгиледи. Аны менен кошо антисанитариялык абал туурасында кошумча маалымат берди.

" Оорукананын айланасында таштанды чыгарылбай толуп кетиптир. Алты КамАЗ чыкты. Анын баарын чыгардык. Ажаткананын жоктугу жана таштандынын көп болушу жугуштуу ооруларды күчөтөт. Мындан улам азыркы тапта оорукананын сыртына кызматкерлер үчүн ажатканалар курулуп жатат", — деди Акматова.

Эске салсак, буга чейин министрдин буйругу менен Саламаттык сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Муратбек Аляскаров кызматтан четтетилген. Анын милдетин Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова аткарып жатат.

Бүгүнкү күндө Нарында коронавирус жуктуруп алган 372 учур катталды. Бул Бишкектен кийинки эле эң жогорку көрсөткүч.

Коронавирустун кесепети

Республикалык ыкчам штабдын жыйыны - Sputnik Кыргызстан
Боронов: Нарында көзөмөлдү күчөтүү керек, анализ алууга кошумча жабдуу жөнөтүлсүн
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1817 болду. Анын ичинен 1181и айыгып, 16сы көз жумган.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген карантиндин мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0