https://sputnik.kg/20200603/at-bashyda-mal-bazar-kachan-ishtejt-1048546307.html
Ат-Башыдагы мал базарга башка облус, район соодагерлери киргизилбей турган болду
Ат-Башыдагы мал базарга башка облус, район соодагерлери киргизилбей турган болду
Sputnik Кыргызстан
Райондогу мал базар иштегени менен ал жакта бир топ чектөө чаралары болот. Ошондой эле башка район, облустун соодагерлери киргизилбей турганы айтылды. 03.06.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-06-03T15:58+0600
2020-06-03T15:58+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103982/62/1039826219_0:11:3998:2271_1920x0_80_0_0_9c38161d9371859b7882da2d3ab244c7.jpg
нарын
ат-башы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103982/62/1039826219_0:0:3998:2513_1920x0_80_0_0_2c18810b30ce021985c0f077e6b7a345.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, нарын, ат-башы, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
жаңылыктар, коом, кыргызстан, нарын, ат-башы, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
Ат-Башыдагы мал базарга башка облус, район соодагерлери киргизилбей турган болду
15:58 03.06.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Райондогу мал базар иштегени менен ал жакта бир топ чектөө чаралары болот. Ошондой эле башка район, облустун соодагерлери киргизилбей турганы айтылды.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районунда мал базар 7-июндан тарта иштейт. Бул тууралуу район башчысы Нурбек Сатаров брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө мал базарлардын ишмердүүлүгүнө 21-майдан тарта уруксат берилген. Бирок райондогу мал базар эпидемиологиялык абалдан улам иштей элек болчу.
"7-июнь күнү Ат-Башы мал базары иштеп баштайт, бирок ал жерде чектөөлөр болот. Базарга райондо жашагандар гана бара алат. Башкача айтканда, Нарындан же башка райондон келчү соодагерлер киргизилбейт. Азыр эл жайлоого көчүп, айдап-себүү иштери жүрүүдө. Мындан улам район тургундары, фермерлер малын сатып алсын деп эле базарды ачып жатабыз. Кийим, буюм, тамак-аш азырынча сатылбайт. Базар 14:00гө чейин эле иштеп, анын тегерегине посттор коюлат", — деди Сатаров.
Район башчысы буга чейин
Ат-Башы коронавирустан тазаланганын маалымдаган. Ал жакта жалпы 77 киши вирус илештирип алган.
Аким акыркы 20 күндүн ичинде Ат-Башыда коронавирус жуктургандар катталбаганын айтып, санитардык нормаларды, эрежелерди сактап жаткан район элине ыраазычылык билдирди.
Кыргызстанда жалпысынан алганда коронавирус 1871 адамдан табылды. Алардын арасынан 1265и айыгып, 20 бейтап көз жумду.