БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Борбор калаада Октябрь райондук билим берүү борборунун кызматкерлеринен коронавирус табылган. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, COVID-19 Октябрь райондук администрациясында иштеген кызматкерлерден аныкталган эмес.
Эске салсак, бүгүнкү брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Октябрь акимчилигинде коронавирус жуктурган төрт адам катталса, дагы бирөө Свердлов районунан аныкталганын айткан.
"Октябрь райондук билим берүү борборунда иштеген төрт кызматкерден ПЦР-тест алынып, аларда коронавирус бар экени аныкталган. Мындан улам райондук билим берүү борборунун аппаратынын 40 кызматкери, жетекчиси менен чогуу үй карантинге жиберилди. Ал эми Свердлов райондук акимчилигинде бир каржы адисинен COVID табылган. Аны менен беш адам байланышта болгону аныкталып, баары үй карантинге чыгарылып, азыркы тапта медиктердин көзөмөлүндө", — деп жазылат маалыматта.
Муниципалитет Октябрь жана Свердлов райондук акимчиликтеринин имараттары дезинфекцияланып жатканын кошумчалады. Башка райондук администрацияларда иш өз калыбында жүрүп жатканы айтылды.
Кыргызстанда жалпысынан алганда коронавирус 1871 адамдан табылды. Алардын арасынан 1265и айыгып, 20 бейтап көз жумду.