Аңчылыкка тыюу салуудан мурда егерлердин штатын чечүү керек. Ал үчүн 500 миллион сом каражат керектелет. Ансыз браконьерлик күчөп кетүүсү ыктымал. Бул тууралуу Талант Турдуматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2017-жылдагы өкмөттүн токтомунда жаныбарлардын айрым түрлөрүнө 2026-жылга чейин аңчылык кылууга тыюу салынган.
"Аңчылыкка убактылуу тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору 2015-жылдан бери төртүнчү жолу каралып жатат. Бул жолкусунда да эч кандай өзгөрүүсүз эле сунуштап жатышыптыр. Анткени көп жылдан бери аңчылык кылууга тыюу салынган жаныбарлардын тизмесине маралды кошуп келишет. Ал эми бул жаныбарды атууга буга чейин эле тыюу салынган. Өлкөдө мергенчиликке уруксат берилген аянт 15 миллион гектар болсо, анын алты миллиону өкмөттүн карамагында. Ал жерде 2016-жылдан баштап аңчылык толугу менен токтотулган. Ал эми калган аймактарды атайын ушул багытта иш алып барган фирмалар карайт. Алардын 160-170тей мергенчиси өзүнө таандык аянтты коруп, көзөмөлгө алышат. Эгерде мыйзам долбоору өтүп кетсе, жеке менчик фирмалар көзөмөл кылган жерлер каралбай калат. Себеби өкмөт көзөмөл кылган 6 миллион гектар аянтта 43 егер иш алып барат. Ошондуктан мораторий киргизиштен мурда 160 адистин штатын чечүү зарыл. Ал үчүн 500 миллион сом керектелет. Эгерде мындай болбосо, браконьерлик көбөйүп кетүүсү ыктымал", — деди Турдуматов.
Ошондой эле ал бардык жаныбарларды атууга тыюу салууга да болбой турганын белгилеп, себеби жаныбарлар арасында ар кандай ылаң жайылганда кооптуу жагдай жарала турганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 29-майда "Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Анда 2026-жылдын 31-декабрына чейин бир катар жаныбарларга аңчылык кылууга убактылуу тыюу салуу каралган.