https://sputnik.kg/20200608/algachky-uchak-oshko-baryp-keldi-1048602039.html
Бүгүн ички каттамдар жанданып, алгачкы учак Ошко барып келди
Бүгүн ички каттамдар жанданып, алгачкы учак Ошко барып келди
Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстан КР жарандарын чет өлкөдөн кайтарууга байланышкан чартердик каттамдарды жана жүк каттамдарын кошпогондо... 08.06.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-06-08T15:47+0600
2020-06-08T15:47+0600
2021-12-15T22:39+0600
https://sputnik.kg/img/104860/19/1048601987_0:0:994:562_1920x0_80_0_0_88ac593cf65d8220a6b53dfc0a7be352.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104860/19/1048601987_42:0:936:562_1920x0_80_0_0_8375bea02fc60a10da47dbe37f1463f1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
жаңылыктар, коом, кыргызстан, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
Бүгүн ички каттамдар жанданып, алгачкы учак Ошко барып келди
15:47 08.06.2020 (Жаңыртылды: 22:39 15.12.2021) Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстан КР жарандарын чет өлкөдөн кайтарууга байланышкан чартердик каттамдарды жана жүк каттамдарын кошпогондо үзгүлтүксүз ички жана эл аралык каттамдарды токтоткон.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Өлкөдө бир нече ай мурда токтотулган ички аба каттамдары жанданып, бүгүн алгачкы учак Бишкек — Ош — Бишкек багыты боюнча барып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Анда 208 жүргүнчү тейленди.
"Республикалык штабдын жана Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларына ылайык, өлкөдөгү бардык ири аэропорттордо коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Аэропорт жетекчилиги терминалдарга уча турган жүргүнчүлөр гана кире аларын жана бет кап режимин сактоо керектигин эскертет", — деп айтылат билдирүүдө.
Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстан КР жарандарын чет өлкөдөн кайтарууга байланышкан чартердик каттамдарды жана жүк каттамдарын кошпогондо үзгүлтүксүз ички жана эл аралык каттамдарды
токтоткон.
5-майда Аба транспортунун эл аралык ассоциациясынын (ИАТА) маалыматы боюнча, 2020-жылдын апрель-май айларындагы каттамдардын саны 2019-жылдын апрелине салыштырганда 90 пайызга азайган.