00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:50
8 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
06:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Иногда не хватает нескольких баллов – почему престижно поступать на Медфак КРСУ?
18:11
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:08
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
20:06
37 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Патрулдук милициянын ишиндеги кемчилик менен артыкчылыктар айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция кызматкери. Архив
Кайгуул милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошто түзүлө турган бөлүмдө жалпысынан 219 кызматкер иштемекчи. Кызмат жети ай мурда биринчи пилоттук долбоор катары Бишкекте иштей баштаган.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Ички иштер органынын реформалоо бөлүмү боюнча жумушчу топтун башчысы Темирлан Ибраимов брифинг учурунда Бишкектин Патрулдук милиция кызматынын ишиндеги артыкчылык жана кемчиликтер тууралуу айтып берди.

Ошто Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) Ош шаардык Кайгуул милициясына кызматкерлерди сынактык негизде кабыл алууну баштады. Түзүлө турган бөлүмдө жалпысынан 219 кызматкер иштемекчи. Кызмат жети ай мурда биринчи пилоттук долбоор катары Бишкекте иштей баштаган.

Ибраимов Оштун тургундарын сынакка катышып көрүүгө чакырып, ал ортодо жети айдан бери иштеп келе жаткан кызматтын ишмердүүлүгү боюнча кыскача жыйынтык чыгарды.

"Бишкектеги тажрыйба көрсөткөндөй, милицияда иштөөгө каалоосу күч жарандар жакшы жыйынтык берип жатат. Иштин жыйынтыгы болушунча позитивдүү жана жемиштүү деп айта алам. Биз репрессиялык маанайдагы эмес, элге пайдасы тийген кызмат болушун көздөгөнбүз", — деди Ибраимов.

Бишкек шаардык Кайгуул милициянын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: ИИМ иштөө стилин өзгөртүп, элдин ишеними жогорулады
Анын айтымында, мурда жол инспектору болуп жумушка орношуу үчүн кимдир бирөөлөргө пара бериш кереги эл арасында айтылып келген. Кийин кызматкер ал акчасын кайра өндүрүп алайын деп коррупцияга батчу.

"Мурда жарандар 80-90 пайыз учурда ишин ак ниет менен аткарбаган кызматкерлерге туш келип калчу. Азыр биз пирамиданы тетири айлантып, 80-90 пайыз кызматкерлерди чынчыл кыла алдык деп ойлойм. Албетте, көнгүчө пара алып койгон фактылар деле болуп жатат. Бирок бардыгы кызматтан четтетилип, иликтөө иштери болууда", — деди Ибраимов.

Сөзүнүн аягында ал жол инспекторлору мурдагыдай болуп "бадалдын артына жашынып туруп ала таягы менен чыга калбай, элди аралап, дайыма кыймылда жүрүп иштеши керектигин" айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0