БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон иш сапары учурунда Июнь окуясында каза болгондордун туугандары жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
![Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон иш сапары учурунда Июнь окуясында каза болгондордун туугандары жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон иш сапары учурунда Июнь окуясында каза болгондордун туугандары жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104862/74/1048627415_0:0:2302:1447_600x0_80_0_0_abdbc80a3e96331005ec11393ef2b546.jpg)
![Жолугушууга Бирдиктүү эл, Ош окуясында дайынсыз балдардын энелери, Шейиттер биримдиги, Ош окуясынын дайынсыздары, Түштүк коогалаңынын шейиттеринин Өчпөс от бирикмелеринин мүчөлөрү катышты Жолугушууга Бирдиктүү эл, Ош окуясында дайынсыз балдардын энелери, Шейиттер биримдиги, Ош окуясынын дайынсыздары, Түштүк коогалаңынын шейиттеринин Өчпөс от бирикмелеринин мүчөлөрү катышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104862/76/1048627687_0:0:2480:1559_600x0_80_0_0_e937aa14af32a9ca2657956f4071f358.jpg)
![Президент каргашалуу окуяда жакындарын жоготкондор менен сүйлөшүп, аларга көңүл айтып, ал күн элдин эсинен кете электигин баса белгилеген Президент каргашалуу окуяда жакындарын жоготкондор менен сүйлөшүп, аларга көңүл айтып, ал күн элдин эсинен кете электигин баса белгилеген - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104862/73/1048627397_265:0:2153:1187_600x0_80_0_0_17f9a1aefe8281ac9fa3f34a53651cbb.jpg)
![Ошондой эле ал көп улуттуу Кыргызстанда улуттар арасындагы ынтымакты бекем сактоо маанилүү экенин эскертти. Ошондой эле ал көп улуттуу Кыргызстанда улуттар арасындагы ынтымакты бекем сактоо маанилүү экенин эскертти. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104862/74/1048627408_0:0:2481:1559_600x0_80_0_0_bcd3e6488c4e1c1185a3c7cb167bd502.jpg)
Жолугушууга "Бирдиктүү эл", "Ош окуясында дайынсыз балдардын энелери", "Шейиттер биримдиги", "Ош окуясынын дайынсыздары", "Түштүк коогалаңынын шейиттеринин Өчпөс от" бирикмелеринин мүчөлөрү катышты.
Президент каргашалуу окуяда жакындарын жоготкондор менен сүйлөшүп, аларга көңүл айтып, ал күн элдин эсинен кете электигин баса белгилеген. Ошондой эле ал көп улуттуу Кыргызстанда улуттар арасындагы ынтымакты бекем сактоо маанилүү экенин эскертти.
Президент чогулган элге кайрылуу маалында өлкөнүн мындан аркы өнүгүшү үчүн болгон күчтү бириктирүү маанилүү экенине токтолду.
2010-жылдын 10-июнунда Кыргызстандын түштүгү Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында "Июнь окуясы" деп аталган улуттар аралык чыр чыккан. Аталган аймакта, анын ичинде Ош шаарында болгон окуя адам өлүмү менен коштолгон.