00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өкмөт Сузактагы аялдын окуясы боюнча бир нече жетекчилерди ыкчам жыйынга чогултту

© Фото / Pixabay / StockSnapАял. Архив
Аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыркы жылга карата быйыл үй-бүлөдөгү зомбулуктун арбын катталышын карантиндеги обочолонуу жана үй-бүлөдөгү финансылык абалдын начардыгы менен байланыштырышты.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Вице-премьер Аида Исмаилова бүгүн өкмөткө караштуу Аялдар иши жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Видеоконференция түрүндө өткөн жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдары жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты. Маалыматта Улуттук кеңештин Сузак районунун Бек-Абад айылындагы окуяга байланыштуу ыкчам чогулганы айтылат.

Кыз бетип жабып отурат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Карындашыңа кайдыгер болсоң күйөөсү кордойт. Агалар кызга таянар тоо бололу
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармакта аялынын мойнуна дөңгөлөктөрдү илип, үстүнө суу куюп, уруп жаткан эркектин видеосу тараган. Жабыркаган аялдын жазган арызынын негизинде кол көтөргөн киши кармалып, райондук соттун чечими менен 15 суткага камакка алынган.

Исмаилова статистика боюнча бир ирет жасалган зомбулуктун 70 пайызы бир нече ирет кайталанганын белгилеген.

"Аялдардын социалдык-экономикалык алсыздыгы аларды тандоо укугунан ажыратат. Мамлекеттин милдети – аялдардын экономикалык өз алдынчалыгына колдоо көрсөтүү, билим берүү, саламаттыгын колдоо. Биздин мамлекет үй-бүлөнүн, балдардын жана аялдардын укугунун корголушун камсыздайт", — деди Исмаилова.

Ал жакында эле Жазык кодексине өзгөртүүлөр киргизилгенин, ага ылайык үй-бүлөлүк зомбулукка шектүүлөрдү 48 саатка кармоого шарт түзөрүн белгиледи.

Кеңешмеде өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, укук коргоо орган жетекчилерине аялдарды жана балдарды зомбулуктан коргоо иштерин кынтыксыз аткаруу тапшырылды.

"Мындан тышкары, жыйында Сузак районунун жетекчилеринин ишти начар алып баруусу белгиленип, тийиштүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди", — деп айтылган маалыматта.

Судья балканы кармат турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Караколдо аялына бензин чачып өрттөгөн адамга өкүм чыкты
Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча статистикага ылайык, 2013-жылы 2339 факты катталса, 2018-жылы бул көрсөткүч 7178ге жеткен. Быйылкы жылдын 3 айында 2,5 миңге чукул зомбулук фактысы катталды. Бул сандардын өткөн жылга салыштырмалуу 65 пайызга көп экени белгиленип, муну карантинде обочолонуу жана үй-бүлөдөгү финансылык абалдын начарлашы менен байланыштырууга болорун айтышты.

Өкмөт Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга убактылуу баш калкалоочу жай түзүлгөнүн эскертти. Ал жерде юридикалык кеңеш берилип, психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү боюнча эскертмелер чыгарылып, түз байланыштар (102,103, 111, 112, 117) иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0