00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Президент Жээнбеков Канттагы россиялык аскердик база тууралуу мыйзамга кол койду

Жазылуу
Мыйзам 2020-жылдын 11-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Протокол 2016 жана 2017-жылдары Россия менен биргеликте кыргыз өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөн Россия тарап ижарага алган жер участокторун топографиялык сүрөткө тартуунун жыйынтыгы боюнча даярдалган.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков “2019-жылдын 28-мартында Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргызстандын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө КР менен РФ ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү протоколун ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2020-жылдын 11-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Протокол 2016 жана 2017-жылдары Россия менен биргеликте кыргыз өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөн Россия тарап ижарага алган жер участокторун топографиялык сүрөткө тартуунун жыйынтыгы боюнча даярдалган.

“2012-жылдагы макулдашууга ылайык, Россия тарап ижарага алган жер участокторунун аянты 866,2 гектарды түзөт. Инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча россиялык тарап иш жүзүндө колдонгон аянт 924,52 гектарды түздү, мында Макулдашууда көрсөтүлгөндөн 58,32 гектарга көп жер аянты пайдаланылган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Протокол күчүнө киргенден кийин тараптар Россия Федерациясы иш жүзүндө пайдаланган жер участокторунун аянттары үчүн ижара акысын Кыргызстанга 2012-жылдын 20-сентябрынан баштап төлөө боюнча ишти уюштурушат.

Авиабаза Кант — военный аэродром, расположенный в Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
РФ элчилиги "Кант" базасынын аймагы Россияга өтөт деген кабарды төгүндөдү
“Протоколдун алкагында Россия тараптын каражатынын негизинде учуп-конуу тилкесин (УКТ) реконструкциялоо пландаштырылган. Макулдашуунун мөөнөтү аяктагандан кийин бул объектилер кыргыз тарапка кайтарылат. Мындан тышкары УКТ объектилери биргелешип пайдалануучу объектилердин тизмесине киргизилген”, — деп айтылат билдирүүдө.

Тараптардын мамлекеттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргызстандын аймагындагы базага учкучсуз учуучу аппараттарды жайгаштыруу пландалууда.

Мында протоколго кол коюлгандан жана күчүнө киргенден кийин тараптар учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуунун тартибин аныктоочу ведомстволор аралык документке кол коюшат.

Жаңылыктар түрмөгү
0