БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылынын 43 жаштагы тургунун коркутуп, бир миллион сомдой акча талап кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
© Фото / Зульфия ТургуноваБаткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылынын 43 жаштагы тургунун коркутуп, бир миллион сомдой акча талап кылган шектүүлөр кармалды
![Кадамжайда адам уурдоого шектелгендерди милиция колго түшүрдү. Сүрөт Кадамжайда адам уурдоого шектелгендерди милиция колго түшүрдү. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104876/66/1048766624_0:0:660:400_600x0_80_0_0_b91e81c031e352ab12d012abeeec00d4.jpg)
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылынын 43 жаштагы тургунун коркутуп, бир миллион сомдой акча талап кылган шектүүлөр кармалды
© Фото / Зульфия Тургунова
"Жабырлануучунун уюлдук телефонуна белгисиз бирөөлөр байланышка чыккан. Андан соң 3-4 бейтааныш адам аны Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаага отургузуп, ээн талаага алып барып, коркутуп, уруп, 950 миң сом акча талап кылган. Эгер таппаса өлтүрүп кетерин эскерткен", — деп айтылат билдирүүдө.
Бул факты Кадамжай райондук милициясынын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Милициянын ыкчам кызматкерлеринин иликтөө иштеринин натыйжасында автоунаалар аныкталып, кылмышка шектүү жарандар Кызыл-Кыя шаарынан кармалды. Алар Чүй облусунун Беловодское айылынын 34 жаштагы, Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылынын 44 жаштагы, Кызыл-Кыя шаарынын 34 жаштагы мурда соттолгон жашоочусу жана Үч-Коргон айылынын 50 жаштагы тургуну болуп чыккан. Шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Жабырлануучунун жараатын аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалганы айтылды.