БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Борбор калаада адам өлтүрүүгө шектелип жашы 20га чыгып-чыга элек балдар кармалды. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан кабарлашты.
© Фото / пресс-служба Управлении патрульной службы милицииПодозреваемые в убийстве мужчины в Бишкеке
![Бишкекте киши өлтүрүүгө шектелип үч адам кармалды. Экөө 17 жашта. Сүрөт Бишкекте киши өлтүрүүгө шектелип үч адам кармалды. Экөө 17 жашта. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104877/03/1048770364_0:0:1617:943_600x0_80_0_0_6e58d7a08f663a7554c5ac87c963bd52.jpg)
Подозреваемые в убийстве мужчины в Бишкеке
© Фото / пресс-служба Управлении патрульной службы милиции
Өткөн түнү Кайгуул милициясынын кызматкерлери "Ош" базарынын аймагынан, тагыраагы, Павлов-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде, жол жээгинен 30-35 жаштагы кишинин өлүгүн тапкан.
"Көп өтпөй Кулиев-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен 20 жаштагы А. К. менен 17 жаштагы С. Ж. жана Ч. И. аттуу балдар кармалган. Алар Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.
Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин 130-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде сотко чейинки иштер башталды.