00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
18:51
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Будь в курсе
Как подойти кыргызским школьникам к выбору ВУЗа в России?
12:08
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Чакан жана орто бизнеске пайызсыз насыя берүү программасы натыйжа бердиби?
13:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда таштанды чогултууга канча жана эмне үчүн акы төлөө сунушталууда?
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Конгресс аналитиков: новые исследования и проекты для будущего Евразии
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Келечектин каржысы. Кытай санарип акчаны кантип ишке ашырды?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
День пожилого человека: какого внимания хочется людям «серебряного возраста» в КР
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Китеп дүйнөсүнө жол көрсөткөн китепканачылар – Санарип доорунда китепкананын ролу кандай өзгөрүүдө?
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
20:06
48 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эмнеси жаман? Депутат соцтармакты чектеген мыйзамга каршы кесиптештерине таң калды

Жазылуу
Төрага Дастан Жумабеков менен депутаттар Камчыбек Жолдошбаев, Умбеталы Кыдыралиев ушул мыйзамдын негизинде жарандар ар-намысын коргой аларын билдиришти.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы чыккандарга таң калды.

Аталган документте фейк-аккаунттарды өчүрүү, ЖМК же социалдык баракча аркылуу жалган маалымат тараткандарды соту жок эле жоопко тартуу сунушталган.

"Айткылачы, эмнеси жаман? Айтчу нерсесин өзүнүн атынан жазсын. Туура эмес болсо экинчи тарап сотко берет, баарынын укугу корголушу керек да. Бүт өнүккөн мамлекеттер фейк менен күрөшүп жатат. "Күрөш тандалма болуп калат, демократияга коркунуч жаралат" деп жатасыздар. Качан Кыргызстанда тандалма болду эле? Муну кайдан алдыңар", — деп таң калды Кыдыралиев.

Бул мыйзам долбооруна депутаттардын бир тобу каршы чыкты. Элвира Сурабалдиева эл оюн ачык айта турган аянтча интернетте гана болгондуктан аларды ооздуктоо сөз эркиндигин чектөө болорун билдирди.

Заседание депутатов Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Элди күлдүргөн жана кыжырын келтирген депутаттардын жоругу. Видеолор топтому
Ал эми Наталья Никитенко бул мыйзам жөнөкөй жарандардын эмес, бийликтеги аткаминерлердин пайдасына иштей турганын айтып, кооптуу жагы көп экенин белгиледи.

Жанар Акаев бул иштебей турган мыйзам, жүзөгө ашса да бир тараптуу аткарылат деп эсептейт. Мындан улам араң турган коомчулукту кайра козгоп, бийликке нааразычылыкты күчөтпөөгө чакырды. Анын пикиринде, мыйзам бийликке жагынуу, шайлоодо тизмеге илешип калуу максатында жазылган.

Ал эми төрага Дастан Жумабеков менен депутат Камчыбек Жолдошбаев бул демилгени колдой турганын айтып, ушул укуктук норманын негизинде жарандар ар-намысын коргой алырын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0