БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Көмүскө экономикадан мыйзамдаштырылган каражаттар дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатууга багытталат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасын оңдоп-түзөө иштерин көрүп жатканда айтты.
![Көмүскө экономикадан мыйзамдаштырылган каражаттар дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатууга багытталат Көмүскө экономикадан мыйзамдаштырылган каражаттар дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатууга багытталат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/08/04/1049216051_140:0:2480:1471_600x0_80_0_0_21a84e8d13ab53c713e1530841e795dc.jpg)
![Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын оңдоп-түзөө иштерин көрүп жатканда айтты Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын оңдоп-түзөө иштерин көрүп жатканда айтты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/08/04/1049216056_0:0:2480:1559_600x0_80_0_0_ffa74249171e62a2ae5578eb438c46d9.jpg)
![Жээнбеков медицина кызматкерлери менен баарлашып, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү көйгөйлөр гана эмес, саламаттык сактоо тутумундагы көйгөйлөрдү дагы кеңири талкуулады Жээнбеков медицина кызматкерлери менен баарлашып, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү көйгөйлөр гана эмес, саламаттык сактоо тутумундагы көйгөйлөрдү дагы кеңири талкуулады - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/08/04/1049216072_0:92:2480:1651_600x0_80_0_0_dc5d779b1c86b383fcc140f476bb36b4.jpg)
![Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиевдин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиевдин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/08/04/1049216067_0:92:2480:1651_600x0_80_0_0_3fa712e48e8af2f8ffedc1761d8de80c.jpg)
![Медиктер өлкө жетекчилигинин ооруканаларды куруу боюнча демилгесин колдоого алып, ошол эле маалда кадрлардын жетишсиздигин, жаңы кызматкерлерди материалдык жана моралдык жактан колдобой туруп, аларды саламаттык сактоо тутумунда кармап калуу мүмкүн эместигин баса белгилешти Медиктер өлкө жетекчилигинин ооруканаларды куруу боюнча демилгесин колдоого алып, ошол эле маалда кадрлардын жетишсиздигин, жаңы кызматкерлерди материалдык жана моралдык жактан колдобой туруп, аларды саламаттык сактоо тутумунда кармап калуу мүмкүн эместигин баса белгилешти - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/08/04/1049216078_0:0:2480:1559_600x0_80_0_0_68911881f2bfc7f59cb34134dc30449d.jpg)
![Мамлекет башчы дарыгерлердин пикирине кошулуп, коронавирус инфекциясы көп жылдан берки начар башкаруунун жыйынтыгын, бардык көйгөйлүү жерлерин ачыкка чыгарганын кошумчалады Мамлекет башчы дарыгерлердин пикирине кошулуп, коронавирус инфекциясы көп жылдан берки начар башкаруунун жыйынтыгын, бардык көйгөйлүү жерлерин ачыкка чыгарганын кошумчалады - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/08/04/1049216084_50:0:2480:1527_600x0_80_0_0_89bd0cab102f0dcf2687674cca4f5faa.jpg)
![Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев аймакта эпидемиологиялык кырдаал турукташып баратканын, коронавирус жуктуруп алгандардын саны азайып жатканын билдирди Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев аймакта эпидемиологиялык кырдаал турукташып баратканын, коронавирус жуктуруп алгандардын саны азайып жатканын билдирди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/08/04/1049216095_76:0:2480:1511_600x0_80_0_0_413ea5047487ec8da33120c499c1f2f7.jpg)
"Аталган оорукана 1986-жылы курулгандан тартып жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратына капиталдык реконструкция жүргүзүлгөн эмес. Буга байланыштуу бүгүнкү күндө имараттын 15 орундуу бир канаты гана иштейт. Оңдолгондон кийин 100 орунга чейин кеңейтилет", — деп айтылат билдирүүдө.
Жээнбеков медицина кызматкерлери менен баарлашып, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү көйгөйлөр гана эмес, саламаттык сактоо тутумундагы көйгөйлөрдү дагы кеңири талкуулады. Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиевдин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
Боронов россиялык дарыгерлер менен сүйлөштү. Алар өкмөткө кандай сунуш айтты
![Колдоо керек. Чолпон-аталык дарыгерлер Жээнбековго даттанды. Сүрөт Колдоо керек. Чолпон-аталык дарыгерлер Жээнбековго даттанды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/08/04/1049216062_0:0:2480:1552_600x0_80_0_0_69f54ceaa1badb62c665f4a2ebda5daf.jpg)
Медиктер өлкө жетекчилигинин ооруканаларды куруу боюнча демилгесин колдоого алып, ошол эле маалда кадрлардын жетишсиздигин, жаңы кызматкерлерди материалдык жана моралдык жактан колдобой туруп аларды саламаттык сактоо тутумунда кармап калуу мүмкүн эместигин баса белгилешти.
![Колдоо керек. Чолпон-аталык дарыгерлер Жээнбековго даттанды. Сүрөт Колдоо керек. Чолпон-аталык дарыгерлер Жээнбековго даттанды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/08/04/1049216090_0:0:2480:1651_600x0_80_0_0_4166f3cb00d647e6575f68a2fa5dbbe6.jpg)
Мамлекет башчы дарыгерлердин пикирине кошулуп, коронавирус инфекциясы көп жылдан берки начар башкаруунун жыйынтыгын, бардык көйгөйлүү жерлерин ачыкка чыгарганын кошумчалады.
Жээнбеков өлкөнүн бардык тармактарын жапырт санариптештирүү көмүскө экономикадагы каражаттарды мыйзамдаштырууга өбөлгө болорун айтты.
"Бул каражаттар биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин эмгек акыларын көтөрүүгө багытталат. Өткөн жылы айлык акылар көтөрүлдү, бирок түшүнүп турам, бул аз. 5 миң сом алган дарыгерлерден эмнени талап кыла алабыз? Бул көйгөй ар дайым менин оюмда", — деди президент.
Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев аймакта эпидемиологиялык кырдаал турукташып баратканын, коронавирус жуктуруп алгандардын саны азайып жатканын билдирди.
Анын айтымында, медициналык аппараттар менен дары-дармектер жетиштүү.