БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Мамлекет аскер кызматчыларын, өзгөчө чек араны кайтаргандарды колдоону улантат. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Баткен облусундагы чек арачылар үчүн жаңы турак жай курулушунун пайдубалын түптөөгө катышып жатып айткан.
Мамлекет башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, үй Мамлекеттик чек ара кызматынын коңшу Тажикстан жана Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны коргоо боюнча милдетин аткарып жаткан 2022-аскер бөлүгүнүн кызматкерлери үчүн салынмакчы.
![Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Баткен облусундагы чек арачылар үчүн жаңы турак жай курулушунун пайдубалын түптөөгө катышты Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Баткен облусундагы чек арачылар үчүн жаңы турак жай курулушунун пайдубалын түптөөгө катышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/08/0c/1049306107_8:-1:2480:1554_600x0_80_0_0_acca0909c1db3b0c6e3239022ea56c6f.jpg)
![Үй Мамлекеттик чек ара кызматынын коңшу Тажикстан жана Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны коргоо боюнча милдетин аткарып жаткан 2022-аскер бөлүгүнүн кызматкерлери үчүн салынмакчы. Үй Мамлекеттик чек ара кызматынын коңшу Тажикстан жана Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны коргоо боюнча милдетин аткарып жаткан 2022-аскер бөлүгүнүн кызматкерлери үчүн салынмакчы. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/08/0c/1049306089_0:0:2480:1559_600x0_80_0_0_6d9d3e8430695f3f3df5c3ed330ada4e.jpg)
![Мамлекет башчысы аскердик бөлүктүн аймагын көрүп чыгып, аскер кызматкерлери менен бирге тамактанган. Мамлекет башчысы аскердик бөлүктүн аймагын көрүп чыгып, аскер кызматкерлери менен бирге тамактанган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/08/0c/1049306100_0:0:2206:1386_600x0_80_0_0_4819011c80befc4c6a83d84360b4bc16.jpg)
![Алар менен баарлашып жатып Жээнбеков өлкөнүн мамлекеттик чек арасын коргоо анын көз карандысыздыгынын негиздеринин бири экендигин айткан. Алар менен баарлашып жатып Жээнбеков өлкөнүн мамлекеттик чек арасын коргоо анын көз карандысыздыгынын негиздеринин бири экендигин айткан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/08/0c/1049306117_0:0:2119:1331_600x0_80_0_0_e87133bc1f33c1c05af1cd21f515ee57.jpg)
![Эске сала кетсек, президент Жээнбеков 12-13-август күндөрү Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарын кыдыруу үчүн түштүк аймакка жөнөп кеткен. Эске сала кетсек, президент Жээнбеков 12-13-август күндөрү Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарын кыдыруу үчүн түштүк аймакка жөнөп кеткен. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/08/0c/1049306122_0:0:2481:1559_600x0_80_0_0_6d6dff312d4d0b5b971f1c7ac7dbf383.jpg)
Кызматтык көп кабаттуу там 24 батирге ылайыкташкан.
Чек ара чырларына качан чекит коюлат? Президент Жээнбековдун жообу
Мамлекет башчы аскердик бөлүктүн аймагын көрүп чыгып, аскер кызматкерлери менен бирге тамактанган.
"Алар менен баарлашып жатып Жээнбеков өлкөнүн мамлекеттик чек арасын коргоо анын көз карандысыздыгынын негиздеринин бири экендигин айткан. Кызмат өтөө үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү жана аскер кызматчыларынын жашоосун жакшыртуу ар дайым мамлекеттин артыкчылыгы болорун белгиледи", — деп айтылган маалыматта.
Эске сала кетсек, президент Жээнбеков 12-13-август күндөрү Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарын кыдыруу үчүн түштүк аймакка жөнөп кеткен.