БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта, Баткен облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратын капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 90 орундуу оорукананы оңдоп-түзөө иштерин бүткөрүү август айынын аягында пландалган. Учурда Баткендин 116 миңден ашуун жашоочусун 45 орундуу гана жугуштуу оорулар бөлүмү тейлейт.
![Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта, Баткен облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратын капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта, Баткен облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратын капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/08/0c/1049302490_220:0:2480:1420_600x0_80_0_0_abe9859940b2c71aa89e14314d5dc4c7.jpg)
![Ага ылайык, 90 орундуу оорукананы оңдоп-түзөө иштерин бүткөрүү август айынын аягында пландалган. Ага ылайык, 90 орундуу оорукананы оңдоп-түзөө иштерин бүткөрүү август айынын аягында пландалган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/08/0c/1049302512_0:0:2301:1446_600x0_80_0_0_4015abbc5aa7625084f602e2a1fa3e16.jpg)
![Учурда Баткендин 116 миңден ашуун жашоочусун 45 орундуу гана жугуштуу оорулар бөлүмү тейлейт. Учурда Баткендин 116 миңден ашуун жашоочусун 45 орундуу гана жугуштуу оорулар бөлүмү тейлейт. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/08/0c/1049302517_0:0:2480:1559_600x0_80_0_0_e1f91c4135ed38a1ee44ac60c62a0ff6.jpg)
![Жээнбеков саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү жакшы билерин белгилеген. Жээнбеков саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү жакшы билерин белгилеген. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/08/0c/1049302528_0:0:2433:1529_600x0_80_0_0_5ad82005d47a789d66e13cdaa75085b1.jpg)
![Мамлекет башчы медицина кызматкерлеринин эмгеги үчүн ыраазычылык билдирген. Мамлекет башчы медицина кызматкерлеринин эмгеги үчүн ыраазычылык билдирген. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/08/0c/1049302534_415:0:2480:1298_600x0_80_0_0_bb0c1731c7eb7b9e01f918f04ee98f78.jpg)
Жээнбеков саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү жакшы билерин белгилеген.
"Пандемия саламаттык сактоо системасынын бардык көйгөйүн ачыкка чыгарды. Коопсуздук кеңеши бир жарым жылдан бери бул тармактагы көйгөйдү иликтеди. Жакынкы аралыкта кырдаалды жакшыртуу үчүн маселени ар тараптуу карап чыгабыз", — деген президент.
Мамлекет башчы медицина кызматкерлеринин эмгеги үчүн ыраазычылык билдирген.
Жээнбеков: экономикалык кыйынчылыктар элге таза суу жеткирүүгө тоскоол болбойт
Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 12-13-август күндөрү Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарын кыдырат.