https://sputnik.kg/20200815/kara-kulzha-tokoj-charbasyna-bal-zhabdyktar-1049325426.html
Кара-Кулжа токой чарбасына 7 млн сомдук балчылыкка керектүү жабдуу берилди
Кара-Кулжа токой чарбасына 7 млн сомдук балчылыкка керектүү жабдуу берилди
Sputnik Кыргызстан
Райондо балчылыкты өнүктүрүү үчүн атайын он сотых жер тилкеси тосулду. Аймактын бул тармакты колго алууга толук шарты бар. 15.08.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-08-15T10:26+0600
2020-08-15T10:26+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103315/16/1033151697_0:0:3500:1969_1920x0_80_0_0_066ee7293f5b1eff7759c2009e975ea0.jpg
кара-кулжа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103315/16/1033151697_285:0:3396:2333_1920x0_80_0_0_d0c127ecb71b80672a6a403d11cb82e8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, кара-кулжа
жаңылыктар, коом, кыргызстан, кара-кулжа
Кара-Кулжа токой чарбасына 7 млн сомдук балчылыкка керектүү жабдуу берилди
10:26 15.08.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Райондо балчылыкты өнүктүрүү үчүн атайын он сотых жер тилкеси тосулду. Аймактын бул тармакты колго алууга толук шарты бар.
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кара-Кулжа районунун токой чарбасына 7 миллион 337 миң 760 сомго балчылык жабдуу жана инвентарларын бергендигин Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.
Ага ылайык, көрсөтүлгөн жардам Дүйнөлүк банктын жана Глобалдык экологиялык фонддун каржылоосу менен "КРдин токой экосистемасын интегралдык башкаруу" долбоорунун алкагында ишке ашкан.
Кыргыз экономикасынын артка кеткен тармактары. Тизме
"Берилген жабдык жана инвентарларды өлкөнүн алыскы тоолуу аймактарында балчылыкты өстүрүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн чаңдаштырууда жана токой чарбасына кошумча каражат булагын табууда натыйжалуу пайдаланууга болот. Алты кассеталык бал тартуучу автомат аппараттан үч даана, бал тартуучу механикалык аппараттан жети даана, беш миң бал алкагы, беш миң даана бал мому, бал аарычынын кийиминин он топтому жана башка жабдыктар алып келинди. Мындан тышкары, аталган долбоордун шарты менен бал челектерди жайгаштыруу үчүн он сотых жер тилкеси тосулду", — деп жазылат билдирүүдө.
Анда айтылгандай, Кара-Кулжа районунун токой чарбасынын аймагы 74 миң 285 гектар, анын ичинен токой аянты 8 миң 215 гектарды ээлейт. Токой чарбасынын аймагында дары чөптөрдүн түрү өсөт. Райондун балчылыкты өнүктүрүүгө толук шарты бар.