БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. UFC уюмунун эң мыкты мушкери, жалпы рейтингде (салмак категориясына карабай) биринчи сапта турган америкалык Жон Жонс чемпиондук курдан баш тартты. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Мушкер чечими тууралуу өзүнүн Twitter баракчасы аркылуу кабарлап, жарым оор салмакта аны колдогондордун баарына ыраазычылык билдирген.
Just got off the phone with @Ufc, today I confirm that I’m vacating the light heavyweight championship. It’s officially up for grabs. It’s been an amazing journey, sincere thank you to all my competition, Ufc and most importantly you fans.
— BONY (@JonnyBones) August 17, 2020
Түрдүү ой келет... Хабиб карьерасын жыйынтыктоону ойлогонун моюндады
"Мен бүгүн UFC уюумунун жетекчилиги менен телефондон сүйлөшүп, жарым оор салмактын чемпиондук курунан баш тартканымды билдирдим. Бул салмактагы жолум өзүнчө бир саякат болду. Аны уюштургандардын баарына жана күйөрмандарыма ыраазычылык айтам", — деп жазды спортчу.
Жон Жонс карьерасында жалпысынан 27 беттешке чыгып, 26сында уткан. Бир жолу жеңилүү ызасын тартса, бир беттеш болбой калган. Америкалык мушкер UFC уюмунда 2008-жылдан бери беттештерге чыгып келет.