00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекматов: шайлоодо акча тараткандар да, алгандар да 2,5 жылга чейин соттолот

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов. Архив
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов мыйзам боюнча шайлоодо акча тараткандар жана алгандар 2,5 жылга эркинен ажыратыларын айтты.
Бекматов: шайлоодо акча тараткандар да, алгандар да 2,5 жылга чейин соттолот

Бирөө үчүн башка адам добуш берип коюу, карусель системасын жасоо мыйзамдарга киргизилген оңдоп-түзөөлөрдүн натыйжасында жокко чыгарылган. Бирок учурда шайлоо уюштуруп, өткөрүүдө эки көйгөй ачык бойдон калууда. Бул тууралуу Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эми жаңы кодекстерге ылайык, акча тараткан адам эле эмес, анын тууганы болгон талапкер, ал мүчө болгон саясий партияга да чара көрүлөт.

"Шайлоо уюштуруп, өткөрүүдө "добушту акчага сатып алуу" жана "административдик күч колдонуу" боюнча эки маселе көйгөй жаратууда. 2019-жылы ишке кирген кодекстер боюнча эми бул эки жол менен мыйзам бузган жарандарга 26 миң акчалай айып пул салынат же жасаган ишинин оордугуна жараша 2,5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эле эмес ошол акча тараткан адам колдогон талапкер да жоопко тартылып, ал мүчө болгон саясий партияга да чара көрүлөт. Мындай жазалар акча алган адамдарга да тиешелүү", — деди Бекматов.

Ал жогорудагыдай мыйзам бузууга күбө болгон жарандарды тиешелүү органдарга кайрылууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0