00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Коопсуздук кеңеши коронавирустун тарап кетишинин себебин иликтеп жатат

© AP Photo / Vladimir VoroninСтационарда бейтапты карап жаткан дарыгер. Архив
Стационарда бейтапты карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мамлекеттик органдарга берилген тапшырмалардын аткарылышына мониторинг кылып, иликтөө жүргүзө турганы белгиленди.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына алып келген себептер менен шарттар иликтенип жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, Коопсуздук кеңеши сегиз жыйын өткөргөн. Анда вирустун жайылышын алдын алуу жана ушул жарым жылдыктагы экономикалык коркунучтарды жоюу маселеси талкууланып, тиешелүү сунуштамалар берилген.

Катчылык мамлекеттик органдарга берилген тапшырмалардын аткарылышына мониторинг кылып, иликтөө жүргүзөрү белгиленет.

Боронов: сентябрда эл массалык түрдө оорушу мүмкүн

"Учурда катчылык тарабынан Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын жайылышына себеп болгон нерселер, адам өмүрүн алып кеткен жагдайлар иликтенип жатат. Анын ичинде мамлекеттик органдар менен саламаттык сактоо уюмдарынын калкка медициналык тез жардам көрсөтүүгө даяр эместиги тыкыр анализден өтүп жатат. Жыйынтыгы Коопсуздук кеңешинин жыйынына чыгарылып, керектүү чечимдер жана сунуштамалар берилет", — деп айтылат маалыматта.

Ушул тапта Финпол тарабынан төмөнкү фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатат:

  • коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлигинин айрым кызмат адамдары тарабынан кетирилген шалаакылыктар;
  • фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын көздөп, мамлекетке пайдасы жок келишимдерди жактаган коррупциялык иш-аракеттер;
  • мамлекетке ири зыян же өзгөчө ири зыян келтирген мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүлөр.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы кызыкдар тараптардын бардыгын — жарандардан, эксперттерден жана жарандык коом институттарынан аталган маселе боюнча материалдарды жана сунуш-пикирлерди күтөт. Бул маалыматтарды иликтөө жана анализдөө үчүн, ошондой эле Коопсуздук кеңешинин жыйынына даярдалып жаткан материалдар менен жалпылаштыруу үчүн керек экени кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0