БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аларга салынган айыптан кийин Кычан Жакыпов атындагы сейил бакты иретке келтирди. Бул туурасында Бишкек мэриясынын кабарлашты.
![Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аларга салынган айыптан кийин Кычан Жакыпов атындагы сейил бакты иретке келтирди. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аларга салынган айыптан кийин Кычан Жакыпов атындагы сейил бакты иретке келтирди. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/09/07/1049544354_0:15:1080:693_600x0_80_0_0_176ac410aed8fc2ebf36773a0ee31200.jpg)
![Августтун аягында муниципалитеттин кызматкерлери Маданият, маалымат жана туризм министрлигине ишенип тапшырылган жаратылыш жайы кароосуз калганы үчүн протокол түзгөн. Августтун аягында муниципалитеттин кызматкерлери Маданият, маалымат жана туризм министрлигине ишенип тапшырылган жаратылыш жайы кароосуз калганы үчүн протокол түзгөн. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/09/07/1049544349_0:0:1081:679_600x0_80_0_0_b8fd644e45594d6f2558d6f4fe9cdd69.jpg)
![Кечээ министрликтин кызматкерлери ишембилик өткөрдү. Кечээ министрликтин кызматкерлери ишембилик өткөрдү. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/09/07/1049544370_0:67:1080:745_600x0_80_0_0_0fc83a776b07a230e2ed2c8453630d0b.jpg)
![Чөбү чабылып, аймак тазаланды. Чөбү чабылып, аймак тазаланды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/09/07/1049544365_0:0:1081:679_600x0_80_0_0_d19c7bf1d0a49b19132dc39f050d769b.jpg)
Августтун аягында муниципалитеттин кызматкерлери Маданият, маалымат жана туризм министрлигине ишенип тапшырылган жаратылыш жайы кароосуз калганы үчүн протокол түзгөн.
Караколдо тойдун кортежин коштоп чыккан айдоочулар жазаланды. Видео
Кечээ министрликтин кызматкерлери ишембилик өткөрдү. Чөбү чабылып, аймак тазаланды. Жыйналган таштандыны чыгарып кетүүгө "Тазалык" ишканасы көмөк көрсөттү.
Мэрия министрликке канча айып пул салынгандыгын так айткан жок. Анткен менен Эреже бузуулар кодексине ылайык, мындай учурда юридикалык тараптар экинчи категория менен, тагыраагы, 13 миң айып төлөмөр болот.