![2020/2021-окуу жылына карата мектеп каникулдары 2020/2021-окуу жылына карата мектеп каникулдары - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/09/07/1049545173_0:0:0:0_600x0_80_0_0_b62d2dad18adc43bf56561221b01b8c4.png)
Билим берүү жана илим министрлиги берген маалыматка ылайык, мектептер күзгү каникулга 2-ноябрдан 9-ноябрга чейин тарамай болушту. Тагыраагы, бир жума эс алышат.
Өлкөдө көзү азиздер үчүн окуу китептер басып чыгарылды
Кышкы каникул жылдагыдай 2020-жылдын 30-декабрынан 2021-жылдын 11-январына чейин созулат. Ал эми жазгы каникул 2021-жылдын 22-30-мартында деп белгиленди. Ал эми жайкы каникул 25-майдан тарта баштала турганы божомолдонду. Министрлик үчүнчү чейректе 1-класстын окуучулары үчүн кошумча каникул мөөнөтү бериле турганын кошумчалады. Бирок анын баары райондук, шаардык билим берүү башкармалыктары менен макулдашылат.