БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Камбоджада мина жана жарылуучу заттардын коюлган жерин аныктаган африкалык чоң келемиш медаль менен сыйланды. Бул туурасында Британиянын The Mirror басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Магава аттуу келемиш 141 000 чарчы метр аянтты издеп отуруп 39 мина жана дагы 28 жарылуучу зат тапкан.
So I may have just met a rat wearing a mini medal. #Magawa is a mine-detecting rat, today he won a PDSA Gold Medal for his services with @HeroRATs . What a legend he is. #Cambodia pic.twitter.com/XldKnLvTNd
— Alastair McCready (@AlMcCready1) September 25, 2020
Магава мындай жөндөмдүлүккө Белгиядагы Ароро кайрымдуулук уюмунда үйрөтүлгөн. Ал жаныбардын салмагы 1,2 килограмм, узундугу 70 сантиметр. Анын салмагы жеңил болгондуктан минаны басып алса деле жарылып кетпейт. Келемиш теннис ойнолуучу талаанын аянтчасындай жерди 20 мүнөттө тинтип чыгууга жөндөмдүү. Муну адамдар металл менен издесе төрт күнгө чейинки убактысы кетет.
Үлпөт тоюнда ит менен бийлеген колуктунун вальсы таң калтырууда. Видео
#Magawa the mine-recognizing rodent wins PDSA Gold Medal.
— Pratica Radio (@radiopratica) September 25, 2020
Magawa has made safe 141,000 square metres of heavily mined ground in #Cambodia and is the first rat to win a #PDSAaward for valour and the first non-canine to win the #GoldMedal pic.twitter.com/FDgJVUZFHm
Сыйлык тапшыруу салтанаты онлайн-режимде өтүп, анда бул келемиш дүйнө боюнча сыйлык алган иттен кийинки эле биринчи жаныбар экени белгиленген.
"Магаванын өз жанын аябагандыгы, чеберчилиги жана эрдиги үлгү болорлук", — деп айткан комиссиянын башчысы Ян Маклафлин.
Камбоджанын аймагында 1975-1998-жылдагы жарандык согуш маалында жерге алты миллионго чукул мина коюлган. Азыркы тапта андай жарылуучу заттарды залалсыздандыруу үчүн саперлордун командасы иштеп жатат.