БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-октябрда, Бишкекте коронавирус пандемиясынын курмандыктарын эскерүү стеласы коюла турган Адинай Мырзабекова атындагы медиктер жана ыктыярчылардын паркына барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
![Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-октябрда, Бишкекте коронавирус пандемиясынын курмандыктарын эскерүү стеласы коюла турган Адинай Мырзабекова атындагы медиктер жана ыктыярчылардын паркына барды Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-октябрда, Бишкекте коронавирус пандемиясынын курмандыктарын эскерүү стеласы коюла турган Адинай Мырзабекова атындагы медиктер жана ыктыярчылардын паркына барды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0a/02/1049814694_0:55:2401:1564_600x0_80_0_0_d12ccead23ccc4149127a7f95ef93516.jpg)
![Мамлекет жетекчиси андан ары Адинай Мырзабекованын ата-энеси, туугандары, курсташтары, ошондой эле медицина, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана пандемия менен күрөшкө активдүү катышкан башка жарандар менен бирге пандемиядан каза болгондорду эскерди Мамлекет жетекчиси андан ары Адинай Мырзабекованын ата-энеси, туугандары, курсташтары, ошондой эле медицина, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана пандемия менен күрөшкө активдүү катышкан башка жарандар менен бирге пандемиядан каза болгондорду эскерди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0a/02/1049814518_0:16:2401:1525_600x0_80_0_0_7e9ef04ae1553da51d618c2ddd9ca5c6.jpg)
![Жээнбеков коюла турган стеланын макети менен таанышып чыкты. Анда алаканы менен көпөлөктөрдү оттон калкалап турган колдун элеси берилген Жээнбеков коюла турган стеланын макети менен таанышып чыкты. Анда алаканы менен көпөлөктөрдү оттон калкалап турган колдун элеси берилген - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0a/02/1049814511_0:0:2400:1508_600x0_80_0_0_7bb6080b20e95b4c2cf5652516167878.jpg)
![Бул архитектуралык курулма коронавирус пандемиясы менен күрөшкө салым кошкон өлкө жарандарына арналат Бул архитектуралык курулма коронавирус пандемиясы менен күрөшкө салым кошкон өлкө жарандарына арналат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0a/02/1049814523_0:355:1597:1359_600x0_80_0_0_35518a829064ded907114bea40af9128.jpg)
![Президент бул иш-чара Кыргызстан элинин саламаттыгы үчүн өз өмүрлөрүн берген Адинай Мырзабекованын жана бардык кыргызстандыктардын жаркын элесинин урматына өткөрүлүп жатканын белгиледи Президент бул иш-чара Кыргызстан элинин саламаттыгы үчүн өз өмүрлөрүн берген Адинай Мырзабекованын жана бардык кыргызстандыктардын жаркын элесинин урматына өткөрүлүп жатканын белгиледи - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0a/02/1049814528_0:0:2401:1510_600x0_80_0_0_91820524c07d78717b1bcd42bb6d2de2.jpg)
![Жээнбеков апаатта курман болгондордун туугандары жана жакындарына көңүл айтып, жаңы парк Адинай атындагы дарыгерлер менен ыктыярчылардын паркы деп аталарын кошумчалады Жээнбеков апаатта курман болгондордун туугандары жана жакындарына көңүл айтып, жаңы парк Адинай атындагы дарыгерлер менен ыктыярчылардын паркы деп аталарын кошумчалады - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0a/02/1049814699_50:0:2400:1477_600x0_80_0_0_9c66e775b189ccf8807e23cedb2254a8.jpg)
![Президент менен Адинайдын атасы Замирбек Женалиев аллеяга карагай көчөтүн отургузушту Президент менен Адинайдын атасы Замирбек Женалиев аллеяга карагай көчөтүн отургузушту - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0a/02/1049814705_0:266:2400:1775_600x0_80_0_0_01eae619af4ec140b130dce9fff7598c.jpg)
![Мамлекет башчы Бишкек шаарында жаңы парктарды курууга жана шаардыктардын эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилей кетти Мамлекет башчы Бишкек шаарында жаңы парктарды курууга жана шаардыктардын эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилей кетти - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0a/02/1049814715_0:0:2240:1408_600x0_80_0_0_8ac810e0d4093f67f4e848516155fee1.jpg)
Мамлекет жетекчиси андан ары Адинай Мырзабекованын ата-энеси, туугандары, курсташтары, ошондой эле медицина, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана пандемия менен күрөшкө активдүү катышкан башка жарандар менен бирге пандемиядан каза болгондорду эскерди.
Коронавирустан көз жумган медиктерге эстелик орнотулат. Ал кандай болот?
Жээнбеков коюла турган стеланын макети менен таанышып чыкты. Анда алаканы менен көпөлөктөрдү оттон калкалап турган колдун элеси берилген. Бул архитектуралык курулма коронавирус пандемиясы менен күрөшкө салым кошкон өлкө жарандарына арналат.
Президент бул иш-чара Кыргызстан элинин саламаттыгы үчүн өз өмүрлөрүн берген Адинай Мырзабекованын жана бардык кыргызстандыктардын жаркын элесинин урматына өткөрүлүп жатканын белгиледи. Жээнбеков апаатта курман болгондордун туугандары жана жакындарына көңүл айтып, жаңы парк Адинай атындагы дарыгерлер менен ыктыярчылардын паркы деп аталарын кошумчалады. Президент менен Адинайдын атасы Замирбек Женалиев аллеяга карагай көчөтүн отургузушту.
Мамлекет башчы Бишкек шаарында жаңы парктарды курууга жана шаардыктардын эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилей кетти.