00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Президенттикке талапкер болгон полковник. Улукбек Кочкоров жөнүндө 8 факты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков "Биримдик" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Улукбек Кочкоров. Архив
 Биримдик саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Улукбек Кочкоров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо жараяны аяктап, алгачкы жыйынтыктар белгилүү болду. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги шайлоодо өтүп кеткен партиялардын алдыңкы тизмесиндеги талапкерлер жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Бул ирет "Биримдик" саясий партиясынын тизмесиндеги экинчи катарда турган белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Улукбек Кочкоров жөнүндө сөз болот.

Тамеки, өрүк терип өткөн балалык. Улукбек Кочкоров 1974-жылы 24-июнда Баткен облусунун Кара-Бак айылында туулган. Атасы айыл чарба инженери болуп эмгектенген, азыр пенсияда. Энеси болсо эсепчи болуп иштеген. Бала кезинде айылда тамеки, өрүк терип чоңойгон, үйдө алты бир туугандын улуусу. Мектепте окуп жүргөндө мугалим, кийин дарыгер болууну эңсеген.

Экономист, укук таануучу. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, финансы жана кредит бөлүмүн 1995-жылы бүтүрүп, эмгек жолун КРдин Финансы жана экономика министрлигинде баштаган. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Укук таануу" адистиги боюнча билим алган.

© Sputnik / Табылды КадырбековКочкоров УКМКда экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш алып барган. Бул тармакта 13 жыл иштеп, катардагы кызматкерден баштап, башкармалык жетекчилигине чейин жетип, полковник наамына ээ болгон.
Президенттикке талапкер болгон полковник. Улукбек Кочкоров жөнүндө 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Кочкоров УКМКда экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш алып барган. Бул тармакта 13 жыл иштеп, катардагы кызматкерден баштап, башкармалык жетекчилигине чейин жетип, полковник наамына ээ болгон.

УКМКнын полковниги. Эки жылдан соң КРдин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жогорку курсунан даярдоодон өтүп, улуттук коопсуздук органдарына жумушка орношкон. Ал жакта Кочкоров УКМКда экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш алып барган. Аталган тармакта 13 жыл иштеп, катардагы кызматкерден баштап, башкармалык жетекчилигине чейин жетип, полковник наамына ээ болгон.

Ишсиз калып ишкер болгон. 2009-2010-жылдары Салык жана салык чогултуу боюнча мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы кызматын аркалап жүрүп ортодо жумушсуз калган. Ошондо бир нече ай жеке ишкерлик менен алектенген.

37 жашында эл өкүлү. 2011-жылы Жогорку Кеңешке шайлоого аттанып, 37 жашында V чакырылышка депутат болуп шайланган. Парламентте экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жетекчисинин орун басары болуп, мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси болгонго жетишкен.

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат 2017-жылкы президенттик шайлоого ат салышып, талапкерликке өзүн-өзү көрсөткөн. Анда ал 11 талапкердин ичинен алтынчы сапка илинип, 8 498 добуш топтогон.
Президенттикке талапкер болгон полковник. Улукбек Кочкоров жөнүндө 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Депутат 2017-жылкы президенттик шайлоого ат салышып, талапкерликке өзүн-өзү көрсөткөн. Анда ал 11 талапкердин ичинен алтынчы сапка илинип, 8 498 добуш топтогон.

Президенттик үчүн ат салышып... Кочкоров 2017-жылкы президенттик шайлоого ат салышып, талапкерликке өзүн-өзү көрсөткөн. Анда ал 11 талапкердин ичинен алтынчы сапка илинип, 8 498 добуш топтогон.

Министрликте бош орун көп, жаштарды жумушка чакырам! Улукбек Кочкоров менен маек

Министр болуу шыбагасы буюруп... 2018-жылдын күзүндө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде бир топ ызы-чуу иштер болуп, министр Таалайкүл Исакунова баш болгон анын үч орун басары кызматтан кетет. Көп өтпөй өкмөт бул кызматты Кочкоровго сунуштап, ноябрь айында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалган. Аталган кызматты эки жылга жакын убакыттан бери аркалап келе жаткан Улукбек Кочкоров кызматтык ыйгарым укуктарын үстүбүздөгү жылдын 25-августунда токтотуп, "Биримдик" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган.

© Фото / из личного архива Улукбека КочкороваУлукбек Кочкоровдун төрт уул, эки кызы бар. Келинчеги Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда дарыгер болуп эмгектенет.
Президенттикке талапкер болгон полковник. Улукбек Кочкоров жөнүндө 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Улукбек Кочкоровдун төрт уул, эки кызы бар. Келинчеги Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда дарыгер болуп эмгектенет.

Алты баланын атасы. Улукбек Кочкоровдун төрт уул, эки кызы бар. Келинчеги Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда дарыгер болуп эмгектенет. Министр бош убактысын балдары менен паркка же кинотеатрга барып өткөрөт. Ошондой эле лыжа тээп, жаратылышка чыгып эс алганды жакшы көрөрүн айткан. Балдары менен кечкисин бир же эки саат "үй-бүлөлүк саат" өткөрүп, шахмат, шашки ойноп, чакан чемпионат уюштура калышат экен. 46 жаштагы мамлекеттик жана саясий ишмер футбол, волейбол менен машыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0