00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Фарид Ниязов ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезиденттик аппараттын мурунку жетекчиси, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов. Архив
Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Алмазбек Атамбаев кармалган. Аны менен бирге мурунку жан сакчылары Дамир Мусакеев жана Канат Сагынбаев да колго түшкөн.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.

Эске салсак, Ниязов 10-октябрда массалык башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргызстандын УКМКсы менен ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалган.

"Аны кечээ Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камашты", — деди Жолдубаева.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин кармалгандыгы айтылган. Аны менен бирге мурунку жак сакчылары Дамир Мусакеев менен Канат Сагынбаев да кармалды.

Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар

Бишкекте 5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыккан. Кечинде Ак үйдү алууга жасалган аракеттерден улам милиция менен митингчилердин ортосунда кагылыш болуп, миңден ашык адам жабыркап, бирөө каза болгон. Түндө митингчилер парламенттин имаратын басып алып, андан кийин Алмазбек Атамбаевди, Садыр Жапаровду жана абактагы башка саясатчыларды бошотушкан.

Алмазбек Атамбаевди кармоо учуру видеого түшүп калган

6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Кечинде бир катар парламентарийлер премьер-министр кызматына Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөтүшкөн.

7-октябрда мамлекеттик ишканалар менен компанияларды басып алуу аракети болду. Нааразычылык акциялары уланып, курчуп дагы кетти. Митингчилердин айрымдары Жапаровду премьер-министр кылыш керек десе, экинчилери эски аткаминерлерди люстрациялоону талап кылып жатышты.

8-октябрда президент Сооронбай Жээнбековго депутаттардын кайсы бир бөлүгү импичмент жарыялоо процедурасын баштагандыгы маалым болду.

9-октябрда төрт партиянын өкүлдөрү өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановду көрсөтүштү. Анын тарапташтары Атамбаевди колдогон митингчилерге кошулган. Аянтка уюшкан кылмыштуу топторго каршы чыккандар да келип кошулушту. Кийин митингчилер менен Жапаровдун тарапташтарынын ортосунда кагылыш болуп, Атамбаевдин унаасына ок атылган.

10-октябрда Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка бекитип берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0