00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Элден кечирим сурады. Депутаттар тактан түшкөн Жээнбековду узаткан видео

Жазылуу
Сооронбай Жээнбеков бүгүн расмий түрдө президенттик кызматын тапшырып кетти. Узатуу иш-чарасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү катышты.

Жээнбеков соңку кайрылуусунда үч жылдын ичинде жасаган эмгектерине токтолуп, ал баштаган иштерди кийинки бийлик улантып кетерине ишеним артты. Ошондой эле иш болгон жерде кемчиликтер да болгонун белгилеп, бул үчүн элден кечирим сурады.

Ал эми депутаттар Жээнбековго элдин талабын аткарып, тынчтык жолу менен кеткени үчүн ыраазычылык билдиришти.

Отставкага кеткен Жээнбековдун жума намазга барган видеосу жарыяланды

Президентти кызматтан кетирген элдик толкундоо

2020-жылдын 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл эртеси "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Акцияга оппозициялык маанайдагы саясий күчтөр менен биргеликте 10 миңге жакын киши чогулган. Кечинде митингчилер Ак үй тарапка агылып, милиция кызматкерлери менен кагылышкан. Мунун кесепетинен бир адам каза болуп, эки тараптан тең миңге чукул жаран жабыркады. Алты саатка созулган тирешүүдөн кийин күч түзүмдөрү артка чегинип, эл Ак үйдү басып алган.

Андан соң абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министр Сапар Исаков жана башка саясатчылар менен катар Садыр Жапаровду да бошотушкан.

9-октябрда Жээнбеков өлкөдө мыйзамдуулук орноп, укуктук талаага кайткандан кийин отставкага кете турганын жар салган.

Эртеси абактан чыгып кеткен Атамбаев жана башка бир нече аткаминерлер кайрадан кармалды. Сапар Исаков менен Албек Ибраимов абакка кайтпай, ушул тапта алардын кайда экени белгисиз.

Ал ортодо өкмөт үйүнүн алдында жүздөгөн адамдардын митинги токтоосуз өтүп жатты. Алар Жапаровго эки тизгин, бир чылбырды берүүнү талап кылып турушту.

Шайлдабекова: президенттик жана парламенттик шайлоону бир күндө өткөрсө болот

Ал эми Садыр Жапаров жаңы өкмөттү курап келип, 14-октябрда ЖК тарабынан премьер-министрликке дайындалды. Ошол эле күнү Жапаров президент элдин талабын аткарып тез арада отставкага кетиши керектигин айтты. Бирок Жээнбеков парламенттик шайлоону өткөрүп коюп анан кызматын тапшырарын билдирип жаткан.

Деген менен эртеси, 15-октябрда, мамлекет башчы отставкага кетүү чечимин кабыл алганын жар салды.

Мыйзам боюнча бул учурда ЖК төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткарып калышы керек эле. Бирок ал парламенттин мөөнөтү бүтүп калганын айтып, бул кызматка отурууга моралдык укугу жок экенин билдирип баш тартты. Мындан улам мамлекет башчынын укуктары убактылуу премьер-министр Садыр Жапаровго өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0