БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы алакаларды арттыруу, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Россия биздин ишенимдүү өнөктөш. Садыр Жапаров элчи менен жолукту
Алгач төрага Кыргызстандагы акыркы окуяларга токтолуп, түзүлгөн кырдаал өлкөнүн демократиялык өңүттө өнүгүп жатканынан кабар берерин белгиледи.
"Баарынан элдин пикири кымбат. Андыктан калктын талабы эске алынып, президентибиз өз ыйгарым укуктарынан баш тартуу менен кызматын өткөрүп берди. Өзгөрүүлөрдүн баары мыйзам чегинде ишке ашып, мамлекеттин туруктуулугу эске алынды. Алдыда демократиялык багытыбызды чыңдоого жана парламентаризмди күчтөндүрүүгө аракет кылабыз. Мындан ары да тарыхый тамыры бир мамлекеттердин саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгынын уланышына кызыкдарбыз", — деп белгилеген Исаев.
Өз кезегинде Кеңештин башкы катчысы Багдад Амреев боордош кыргыз элиндеги туруктуулук бардык түрк тилдүү мамлекеттер үчүн маанилүү экенин билдирген.
Аны менен катар экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгын айткан.