Ветеринария инспекциясы кутурманы алдын алуу максатында аталган илдет тууралуу кыска видеороликтерди жер-жерлерде көрсөтүп келет. Андан тышкары, үй жаныбарларын кармоо, багуу шарттары боюнча окуучулар, студенттер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Ошондой эле эл көп топтолгон коомдук жайларга кутурма оорусу тууралуу буклет, брошюралар таркатылууда. Бул тууралуу Чыңгыз Романов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Ошто жыл башынан бери алты жаныбардан кутурма табылган
Анын айтымында, кутурма дарты дүйнөнүн 53 мамлекетинде кездешет, андан жылына 70 миңден ашык адам каза табат.
"Кутурма ылаңы менен карышкыр, ит, чөө, ийри мүйүздүү жаныбарлар, келемиш, түлкү, суур, чымчыктар, адам, кыскасы, жылуу кандуу жандыктын баары ооруйт. Жаратылышта кутурманы козгоочу вирустар жапайы жырткычтар арасында сакталып келет. Кутурган жаныбар адамды тиштегенде вирус шилекейи аркылуу жугат. Шилекей адамдын денесиндеги жарага түшүп же мурунга, оозго кирип кетсе да оору козголот. Адамдарга көбүнчө вирус ит-мышык тиштегенде өтөт. Өзгөчө күз-кыш жана жаз мезгилинде токойдогу ачка жапайы жаныбарлар айыл аралап кетип, үй жаныбарлары менен контакт болот. Жылына мамлекеттик бюджеттин эсебинен 500 миңдин тегерегинде вакцина сатып алынып, аймактарда кутурмага каршы эмдөө жүргүзүлөт. Ал эми адамдар өз учурунда эмдөө алып ооруну алдын алса болот. Илдет жуктуруп алгандан кийин андан айыгуу кыйын", — деди Романов.
Адис кайсы жаныбар тиштебесин, жаракат алган жерин самындап жууп, йод же таза спирт менен сүртүп, дароо ооруканага кайрылуу керектигин эске салды.