00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Памирлик кыргыздар: Алайдын муздак шамалы Памирдеги күндөрүбүздү эске салды

Жазылуу
Ош облусунун Алай районунда Памирден келген кыргыздар үчүн курулган турак жайлар пайдаланууга берилди. Учурда Талды-Суу айылындагы 1,5 гектар жерге 11 үй курулуп бүткөрүлдү.

Эске салсак, 2017-жылы октябрь айында Нарынга Улуу жана Кичи Памир аймактарынан боордоштор билим алуу максатында алып келинген. Былтыр дагы 11 үй-бүлө көчүп келип Сары-Могол айылындагы Алимсеитов мектебинин эски имаратына жайгаштырылган. Быйыл республикалык бюджеттен 20 миллион сом бөлүнүп, памирликтер үчүн үйлөр курула баштаган.

Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Даанышбек Кеңешов узундугу 11, туурасы 9,60 метр болгон төрт бөлмөлүү үйлөр жылытуу системасы менен кошо орнотулганын билдирди.

"11 үйдүн сегизи Нарындан көчүрүлүп келген кандаштарга, үчөө Сары-Могол айылында жашап жаткан үй-бүлөлөргө берилди. Жети үй толугу менен бүткөрүлсө, калганы акталып-сырдалып жатат", — деди айыл өкмөт башчысы.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов да памирлик кыргыздардан кабар алганы барган.

Ат-Башыда демөөрчүлөр Памирден келген бүлөгө там салып беришти. Сүрөт

"Памирлик туугандарыбыз мал чарбачылыгына жакын болгондуктан биз ушул тармак боюнча иш менен камсыз кылуу маселесин карап жатабыз. Ал эми балдар Талды-Суу айылындагы мектептен билим алышат. Бул кыштакка социалдык объектилерди куруу маселеси да каралууда", — деди Абдураимов.

39 жаштагы Дөөлөтбүбү Токтакун кызы Нарынга көчүп келгенден кийин кыздуу болуп, атын мурунку вице-премьер Чолпон Султанбекованын атынан Чолпон койгонун билдирди.

"Нарындык туугандар бизди аябай жакшы узатса, бул жактан да алайлык туугандарыбыз жылуу тосуп алышты. Баарына ыраазычылык айтабыз. Алайдын шамалы бизге Памирдин суук, шамалдуу аба ырайын эске салды. Нарынга аябай көнүп калдык эле. Биз Памирде топоз багып күн кечирчүбүз. Аялдар сайма сайып, өрмөк өрөбүз", — деди Токтакун кызы.

Нарында жашап жаткан Абдулбахит Жээнбек уулу да үй-бүлөсү менен Алайга көчүп келген.

ТИМ: Вандык кыргыздар Түркиядагы Кыргызстандын элчисине ыраазычылык билдирди

"Үй-бүлөмдө тогуз киши, төрт уул, бир кызым бар. Чоң уулумду Нарында жашап жүргөндө үйлөнттүм. Нарын шаарында үч жыл жашап, абасына да, элине да көнүп калдык эле. Эми ата-бабабыз мекендеген Алай жергесине алгачкы жолу келдик, көнүп кетүүгө аракет кылабыз. Туугандарыбыздын көпчүлүгү Памир жергесинде кала берди. Эгерде Талды-Суу айылына көнүп бутубузга туруп жашап кетсек, Памирде калган туугандарыбыз да келгенге аракет кылышат", — деди Жээнбек уулу.

Мындан сырткары, ал балдары Нарында окуп, тамга таанып, кат-сабаты жоюла баштагандыгын кубануу менен айтып өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0