00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
18:51
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда таштанды чогултууга канча жана эмне үчүн акы төлөө сунушталууда?
13:34
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
14:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
Конгресс аналитиков: новые исследования и проекты для будущего Евразии
16:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Келечектин каржысы. Кытай санарип акчаны кантип ишке ашырды?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
День пожилого человека: какого внимания хочется людям «серебряного возраста» в КР
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Китеп дүйнөсүнө жол көрсөткөн китепканачылар – Санарип доорунда китепкананын ролу кандай өзгөрүүдө?
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
20:06
48 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Керимкулова: инсультта алгачкы төрт сааттын ичинде жардам көрсөтүлүшү зарыл

© Sputnik / Асель СыдыковаУлуттук госпиталдын ангионеврология бөлүмүнүн дарыгери, невролог Асел Керимкулова
Улуттук госпиталдын ангионеврология бөлүмүнүн дарыгери, невролог Асел Керимкулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук госпиталдын ангионеврология бөлүмүнүн дарыгери, невролог Асел Керимкулова жүрөк кан-тамыр оорулары менен жабыркаган адамдарда инсульт болуп калуу коркунучу жогору экенин айтты.
Керимкулова: инсультта алгачкы төрт сааттын ичинде жардам көрсөтүлүшү зарыл

Инсульт бул мээдеги кан айлануунун катуу бузулушу. Анда мээ ткандары жана анын функциясы жабыркайт. Бул тууралуу Асел Керимкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Инсульттун көпчүлүк биле бербеген алгачкы белгилери айтылды

Анын айтымында, инсульттун алдын алуу үчүн туура тамактанып, артериялык кан басымды көзөмөлгө алып жана спорт менен машыгуу керек.

"Инсульт мээге кан куюлуп кетүүдөн же мээдеги кан тамырлардын бүтөлүп калышынан болот. Илдеттин негизги себеби гипертония оорусу жана мээ кан тамырларынын атеросклерозу. Инсульт мээге кан куюлтуучу геморрагиялык жана мээге кислород жетпей калуу менен коштолгон, аз кандуулуктун таасиринен болгон дарт. Мээдеги кан айлануунун катуу бузулуусунун белгилерин жөнөкөй жол менен эле убагында байкаса болот. Мисалы, инсульт алуу коркунучу бар адамда беттин асимметриясы байкалат, эки колун бирдей көтөрө албайт жана инсульт учурунда сүйлөгөнү так эмес болот. Бул убакта дароо Тез жардамга чалып, дарыгерлер келгенге чейин оорулууну жаткырып, толук тынчтык жана таза аба менен камсыз кылуу керек. Капталдап жаткырып койгон оң, себеби кусушу мүмкүн. Ошондой эле эч качан дары берип, ийне сайып же суу ичиргенге болбойт. Бул учурда төрт сааттын ичинде тийиштүү жардам көрсөтүп бейтапты сактап калууга болот. Клиникага түшкөндө дарыгерлер жүрөк жана дем алуусунун иштешин текшерип, зарыл болгон кечиктирилгис жардамды көрсөтүшөт. Айрым учурда, адам дароо нейрореанимациялык бөлүмгө жаткырылат. Ал эми инсультка кабылган адамдар COVID-19 менен ооруп калганда ооруну жеңе албай калат", — деди Керимкулова.

Невролог тамеки чегүү жана спирт ичимдиктерин ичүү да инсульт болууга алып келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0