БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Россияда шейшемби күнү рублдин курсу доллар менен еврого карата сезилерлик нукта кымбаттай баштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Рубль кечээ долларга карата март айынан, еврого карата 2014-жылдын декабрынан берки рыноктогу ордун кайрадан бекемдеп, 80,95 жана 94,14 рублге жеткен.
Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы жогорулап, баррели 40 долларды түзгөнү жана батыштык фондулук индекси Россия валютасынын бутка турушуна таасир этип жатат.
Москва биржасынын маалыматына ылайык, эртең, 4-ноябрда, саат 17.30да (МСК убактысы) доллар 1,08 рублга арзандап, 79,47ге чейин түшөт, ал эми евро 70 тыйынга кунун жоготуп, 93,08 рублди түзүп калат.