БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. 108 жыл мурда сууга чөгүп кеткен "Титаник" кемесине туристтик экспедициялар 2021-жылдын май айынан тарта башталат. Бул тууралуу "Известия" жазды.
OceanGate Expeditions директору Стоктон Раштын айтымында, жыл сайын майдан сентябрга чейин жумасына бир жол деңиз кемесин көрсөтө алат. Ал үчүн беш кишиге ылайыкталган суу алдында жүрө турчу кайык колдонулат. Эл эмитеден эле кезекти ээлеп алышкан. Тагыраагы, майдан июнга чейин орун жок. Билет баасы 125 миң доллар турат.
Саякатчылар сууга түшүүчү жерге баруу үчүн Канаданын Ньюфаундленд аралына келиши керек. Экспедициянын суу алдындагы бөлүгү алты сааттан сегиз саатка чейин, анын ичине тереңдикке жетүү, тагдыры трагедиялуу болгон тарыхый объектини көрүү жана жердин үстүнө чыгуу кирет. Ар бир турга беш адам катышат, алар — суу астындагы кеменин капитаны, изилдөөчү-илимпоз жана үч турист.
White Star Line компаниясынын лайнери "Титаник" 1912-жылдын 10-апрелинде биринчи сапарына чыккан. 15-апрелге караган түнү кеме Түндүк Атлантикадагы айсберг менен кагылышып, чөгүп кеткен. Кырсыктан бери дегенде 1496 адам көз жумган. 712 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү аман калууга үлгүргөн. Кеме азыр 3 миң метр тереңдикте жатат.