БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. SpaceX компаниясынын башчысы Илон Маск коронавируска бир эле күндө төрт жолу тест тапшырып, жыйынтыгында экөө таза, ал эми экөө инфекцияны жуктурган деп чыкканын билдирди.
Ал таң калуу менен Twitter баракчасына пикирин жазган.
Something extremely bogus is going on. Was tested for covid four times today. Two tests came back negative, two came back positive. Same machine, same test, same nurse. Rapid antigen test from BD.
— Elon Musk (@elonmusk) November 13, 2020
"Эмне деген шумдук болуп жатат. Бүгүн COVID-19га төрт жолу тест тапшырдым. Экөө терс чыкса, дагы экөө оору бар экенин көрсөттү. Ошол эле жабдык, окшош эле тесттер колдонулуп, баарын бир эле медайым жасаган. Антиген экспресс-тесттер BD (Becton, Dickinson and Company) компаниясыныкы", — деп жазган Маск.
Кийинчерээк ал башка лабораторияга барып ПЦР-тест тапшырууну чечкенин кошумчалады. Анын жыйынтыгы 24 сааттан кийин чыгат. Ал эми коронавирустун кандайдыр бир симптомдору барбы деген суроого кадимки эле суук тийүүнүн белгилерин сезип жатканын айткан.