00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекте терминалдар уурдалган учур видеого түшүп калды

Жазылуу
Бишкекте бир нече төлөм терминалын уурдады деп шектелген топ кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы кабарлады.

Терминалдарды алып кетип жаткан учур видеокөзөмөлгө түшүп калган. Анда көрүнүп тургандай, бизнес-борбордун жанына Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаа келип токтоп, андан бет кап кийген кишилер түшөт. Алар аппаратты машинанын артына салып, качып кетишкен. Ошондой эле экинчи терминалды дүкөндөн алып чыккан учурдун да видеосу бар.

Кишенчен кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кантта күзөтчүнү сабап, банкоматты түн ичинде тоноп кеткендер кармалды
Үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрь күнү Октябрь райондук милициясына Сүйөркулов көчөсүндөгү бизнес-борборлорунун биринин ичиндеги терминалдын уурдалып кеткени кабарланган. Баасы 200 миң сомдук терминалда 497 миң сом болгон.

Дал ушундай көрүнүш 12-ноябрь күнү 6-кичирайондо катталган. Анда белгисиз кишилер дүкөндүн ичинде жайгашкан төлөм терминалын алып кетишкен. Анын балансында 145 миң сом болгону айтылат.

Аталган фактылар Жазык кодексинин 200-беренесине ("Уурулук") ылайык, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жыйынтыгында райондук милиция ыкчам издөө иштерип жүргүзүп, шаардын аймагынан шектүү катары 22 жаштагы үч жана 23 жаштагы бир жаранды колго түшүрдү. Учурда алар Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0