Алардын айрым тасмаларындагы кызыктуу ирмемдерди Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги таап чыкты. Бул жолу СССРдин эл артисти Төлөмүш Океевдин "Кызыл алма" кинокартинасы жөнүндө кеп кылып, андагы мыкты сүрөттөрдү сунуштайбыз.
СССРдин эл артисти, атактуу режиссёр Төлөмүш Океев 1975-жылы башка советтик киночулар сыяктуу эле залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына кайрылып, аңгемесинин негизинде "Кызыл алма" тасмасын тарта баштаган.
Кинофильмдин сценарийин Айтматов менен Эльга Лындина жазып, композитору украиналык Шандор Коллаш болгон.
Кинокартинада үй-бүлөнүн бир нече күндүк турмушу, адамдардын ортосундагы мамиле, сүйүү жөнүндө баяндалат.
Аталган тасманы жаратууга Сүймөнкул Чокморов, Алиман Жангорозова, Таттыбүбү Турсунбаева, Сабира Күмүшалиева, Гүлсара Ажыбекова, Чоро Думанаев, Арсен Умуралиев, Анара Макекадырова катышкан.
Тасма 1975-жылы Швециянын Локарно шаарындагы эл аралык кинофестивалда Ардак грамотага татып, Москвада өткөн IX эл аралык кинофестивалды ачкан. Ондогон жылдар өткөндөн кийин, 2000-жылдардын башында, Океевдин ал тасмасы Францияда абройлуу сыйлыктарды багындырган.
![Кызыл алманын режиссёру Төлөмүш Океев жана кызуу иштеп жаткан киночулар Кызыл алманын режиссёру Төлөмүш Океев жана кызуу иштеп жаткан киночулар - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0b/15/1050513094_0:0:1683:2000_600x0_80_0_1_84fb5795f1f7c793c10584d593784797.jpg)
![Белгилүү актёр, сүрөтчү Сүймөнкүл Чокморов менен айылдык келин Белгилүү актёр, сүрөтчү Сүймөнкүл Чокморов менен айылдык келин - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101870/69/1018706905_0:0:2066:1468_600x0_80_0_1_23ab6a068e7fb7b977c848596dee3c9f.jpg)
![Жети жаштагы Анараны кино чөйрөсүнө аралаштырган Океев менен Чокморов Жети жаштагы Анараны кино чөйрөсүнө аралаштырган Океев менен Чокморов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0b/15/1050513129_0:0:2000:1943_600x0_80_0_1_fcce2c9c73c60502d01660a869b998e6.jpg)
![СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморов, Анара Макекадырова менен Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Гүлсара Ажыбекова СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморов, Анара Макекадырова менен Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Гүлсара Ажыбекова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103827/47/1038274749_0:0:2594:2047_600x0_80_0_1_d10abd5357ddb60adf2b9f3f7131557c.jpg)
![Бульвардагы бейтааныш сулуу жана аскерден жаңы эле келген Темир Бульвардагы бейтааныш сулуу жана аскерден жаңы эле келген Темир - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0b/15/1050513164_0:0:2000:1789_600x0_80_0_1_a55af084a9bdfff11ec732d5aad0a7c5.jpg)
![Белгилүү киноактриса Таттыбүбү Турсунбаева Океевдин эмгегинде ат минип роль аткарган Белгилүү киноактриса Таттыбүбү Турсунбаева Океевдин эмгегинде ат минип роль аткарган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102181/43/1021814395_0:0:2583:2047_600x0_80_0_1_38435feede531a016693ec8f07e90307.jpg)
![Кызыл алмадагы кичинекей Анара — азыр экономика илимдеринин доктору, профессор, ушу тапта Москвадагы Плеханов атындагы экономика университетинде иштейт Кызыл алмадагы кичинекей Анара — азыр экономика илимдеринин доктору, профессор, ушу тапта Москвадагы Плеханов атындагы экономика университетинде иштейт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0b/15/1050513198_0:0:2000:1490_600x0_80_0_1_c284ecaf90a3b0e091359e8a8adc5e59.jpg)
![Алмалуу бакта баарлашкан кыргыз киносунун жылдыздары: Океев, Ажыбекова, Чокморов Алмалуу бакта баарлашкан кыргыз киносунун жылдыздары: Океев, Ажыбекова, Чокморов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0b/15/1050513233_0:0:2000:1476_600x0_80_0_1_630e4d7f710d2927a32d68a6dd3c7695.jpg)
![Кинофильмде Чокморов башкы каарман сүрөтчү Темирдин образын жараткан Кинофильмде Чокморов башкы каарман сүрөтчү Темирдин образын жараткан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0b/15/1050513267_0:0:2000:1822_600x0_80_0_1_e83f90dd305c095df8b7e0535fb09353.jpg)
![Бактан кызыл алманы үзүүгө аракет кылган кичинекей Анара Бактан кызыл алманы үзүүгө аракет кылган кичинекей Анара - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0b/15/1050513302_0:0:2000:1656_600x0_80_0_1_d7dce9297e9156eca0e5cd52e72bcc58.jpg)
![Кеменин үстүндөгү той жана андагы элди башкарган Океев Кеменин үстүндөгү той жана андагы элди башкарган Океев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0b/15/1050513307_0:0:1973:2000_600x0_80_0_1_ea478ac4b8f72935c79cca4ed25cf1dc.jpg)
![Башкы ролдордогу Сүймөнкул Чокморов менен Гүлсара Ажыбекова Башкы ролдордогу Сүймөнкул Чокморов менен Гүлсара Ажыбекова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0b/15/1050513312_0:0:2200:1579_600x0_80_0_1_1f7161ee808f53f03ffc2898328c9bc0.jpg)
![Борбор калаанын ичинен сулуусун издеген жаш жигит Борбор калаанын ичинен сулуусун издеген жаш жигит - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0b/15/1050513317_0:0:2000:1461_600x0_80_0_1_d97a73065615f6756ed7aa1edc4dfc74.jpg)