БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Ализа Солтонбекова сунушталууда.
Анын талапкерлигин премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков көрсөткөн.
Солтонбекованы кызматка дайындоого парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети, ошондой эле Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети макулдугун берген.
Маселе шаршемби күнү парламенттин жалпы жыйынында добушка коюлат.
Белгилей кетсек, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров 27-октябрда жумуштан бошотулгандан кийин анын ордуна жаңы эле кызматын тапшырган вице-премьер Аида Исмаилова сунушталган. Бирок анын талапкерлигин ЖК депутаттары колдобой койгон.