00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мэрия аянтта көз жумган Үмүтбек Алтынбек уулунун атасына үй берүүнү пландап жатат

CC0 / Pixabay/ Schluesseldienst / Киши баттирден ключ кармап турат. Иллюстративдик сүрөт
Киши баттирден ключ кармап турат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белек кылынчу батир Бишкектин Анкара көчөсүндө жайгашкан. Үй Үмүтбектин атасы Алтынбек Жуматаевге акысыз негизде менчиктештирүү жолу менен өткөрүп берилмекчи.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Мэрия 5-6-октябрь күнү борбордук аянттагы кагылышууда көз жумган Үмүтбек Алтынбек уулунун атасына батир белек кылууну пландап жатат. Бишкек шаардык кеңешинин тийиштүү токтому коомдук талкууга коюлган.

Анда жазылгандай, белек кылынчу батир Бишкектин Анкара көчөсүндө жайгашкан. Үй Үмүтбектин атасы Алтынбек Жуматаевге акысыз негизде менчиктештирүү жолу менен өткөрүп берилмекчи.

Аянттагы кагылыштан көз жумган Үмүтбек Алтынбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Аянттагы кагылыштан көз жумган Үмүтбектин агасы: күнөөлүүлөр жазаланат деп ишенебиз
Аталган токтом долбоору Турак жай кодексинин 5-13-58-беренелерине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесине жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдын 18-беренесине ылайык ыйгарылмакчы.

Токтомдо 2020-жылдын 11-ноябрында ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров бул боюнча тапшырма берип кеткендиги да белгиленген.

"6-ноябрда Садыр Жапаровдун атына Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнөн турак жай берүүнү суранган кайрылуусу келип түшкөн. Каза болгон бала төрт бир тууган болчу. Эң кичүүсү 7 айлык. Атасы механик болсо, апасы үй кожойкеси", — деп жазылган токтомдо.

Мэрия "Муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесинде "өзгөчө учурларда жергиликтүү кеңештин чечими менен муниципалдык менчиктеги турак жай фондунун объектилерин жеке адамдардын менчигине акысыз негизде өткөрүп берүү мүмкүн" деп көрсөтүлгөнүн белгилеп кеткен.

"Ала-Тоо" аянтындагы митингден жабыркагандар

Эске салсак, 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөргөн. Кийинчерээк чогулгандар Ак үйдү басып алууга аракет кылып, жыйынтыгында милиция менен митингчилер кагылышып, бир топ адам жабыркап, 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0