00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутат: өкмөт алынган карызды иштетпей коюп 100 млн. сом айыпка жыгылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык сом купюралары. Архив
Кыргызстандык сом купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамашова жок жерден пайда болгон чыгымдарга жол берилип жатканына нааразы болуп чоо-жайын териштирүүнү талап кылды.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Чет өлкөдөн алынып жаткан каражаттар убагында өздөштүрүлбөй, мунун айынан айып пул салынып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова 2020-жылдын бюджетин өзгөртүү каралып жатканда билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, 2020-жылы өздөштүрүлбөй калган кредиттер үчүн Кыргызстан 99,4 миллион сом айып төлөөгө милдеттендирилген.

Мамашова ушул сыяктуу жок жерден пайда болгон чыгымдарга жол берилип жатканына нааразы болуп чоо-жайын териштирүүнү талап кылды.

"Биз алынган кредитти колдонбой койгонубуз үчүн айып пул төлөп жатабыз. Бул эки эсе күнөө! Буга жол берген ар бир жетекчи жазаланышы керек. Тилекке каршы, ушул кезге чейин бир дагы орган же жетекчи жоопко тартылган жок. Алардын айынан салынган айыптарды элибиздин салыгынан төлөп жатабыз", — деди Мамашова.

Ал эми премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков 2020-жылы алынган кредит, гранттардын колдонулушу боюнча комиссия түзүлгөнүн айтты.

Кыргызстандын жаранын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чет элдиктерге кыргыз жарандыгын сатуу сунушталууда. Жаңы мыйзам долбоор
"Туура айтып жатасыз, бул биздин салык төлөөчүлөрдүн мойнундагы каражат. Муну түшүнүп жатабыз. Чынында бизде ушундай көйгөй бар. Каражаттар инвестициялык долбоорлор, иррегациялык объектилер, таза суу, транспорт секторунда өздөштүрүлбөй калган. Мунун объективдүү жана субъективдүү себептери бар. Тендердик процедура, техникалык негиздемелер кечигип бүтүп калган. Өз убагында ишке ашырбаган ар бир мамлекеттик орган жоопкерчиликке тартылат. Чынын айтканда, быйыл мамлекеттик инвестициялар линиясы боюнча долбоорлордун 30 пайызынан көбү гана өздөштүрүлгөн. Бул боюнча өкмөттүк деңгээлде жумшак айтканда "разборка" кылдык", — деди Новиков.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 1992-жылдан 2018-жылга чейин чет өлкөлүк төрт банктан алган кредитти убагында иштетпей койгону үчүн 772 миллион 257 миң сом айып төлөгөн. Sputnik Кыргызстан агенттиги анын чоо-жайын териштирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0