00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Без патентов: какие изменения ждут предпринимателей в торговле?
18:08
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стимул
Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?
19:07
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
20:06
43 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания башталды

CC BY 2.0 / Fort George G. Meade Public Affairs Office / Эркектин муштуму креслодо отурган аялдын фонунда. Иллюстративдик сүрөт
Эркектин муштуму креслодо отурган аялдын фонунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16 күндүк акция аялдарга жана кыздарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн токтотуу боюнча жамааттык аракеттерди күчөтүүгө багытталган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бүгүн аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк акция башталды. Бул тууралуу БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жыл сайын жүргүзүлүүчү глобалдык акция 25-ноябрда аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу боюнча эл аралык күнү башталып, 10-декабрь адам укуктарынын эл аралык күнүнө чейин созулат.

16 күндүк акция аялдарга жана кыздарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн токтотуу боюнча жамааттык аракеттерди күчөтүүгө багытталган.

Быйыл Кыргызстандагы биргелешкен акция үч багытты камтыйт:

  • гендердик зомбулукту бекемдөөчү социалдык ченемдерди өзгөртүү үчүн "унчукпоо" маданиятын жокко чыгаруу;
  • үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактыларына жооп кайтаруу каралган кризистик борборлордун жана ишеним телефондорунун ишин жогорулатуу;
  • аялдардын чечим кабыл алууга катышуусун күчөтүү үчүн гендердик теңчилик боюнча жалпы маалымдуулукту жогорулатуу.
  • 2020-жылдын январь айында, Кыргызстандын өкмөтү менен биргеликте, Евробиримдик жана БУУ аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу боюнча глобалдык "Теңдик нуру" демилгесинин алкагында көп жылдык программасын баштаган.

БУУнун агенттиктери жана анын өнөктөштөрү "Теңдик нуру" демилгесинин колдоосу менен Кыргызстанда өтө турган 16 күндүк акцияда гендердик зомбулук жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана токтотуу үчүн төмөнкү иш-чараларды жүргүзөт:

  • кыргыз артисттери чыгармалары аркылуу гендердик зордук-зомбулукту чагылдырган онлайн-концерт коюшат;
  • онлайн талкууларды жандандыруу үчүн гендердик зомбулукка байланыштуу видеотасмалардын сериясы жана университеттерде лекциялар уюштурулат;
  • Кыргызстандагы толеранттуулук маданиятына байланыштуу туура эмес социалдык тажрыйбаларды жоюу боюнча ачык асман алдында акциялар өтөт;
  • Улуттук аялдар форуму Кыргызстандагы COVID-19 кризисине жооп кайтаруудагы аялдардын укугун коргоочу уюмдардын ийгиликтүү ролун эскерет;
  • аялдар менен кыздарга колдоо көрсөткөн кризистик борборлорду жана ишеним телефондорун колдоо үчүн каражат чогултуу иш-чаралары өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0