00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:50
8 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
06:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
Проект документа о регуляции работы «удаленщиков»: будет ли он работать на практике
16:05
21 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Иногда не хватает нескольких баллов – почему престижно поступать на Медфак КРСУ?
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
20:06
37 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Россия ТИМи Латвияда Sputnik авторлорунун кармалышын сындады

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЗдание Министерства иностранных дел РФ в Москве
Здание Министерства иностранных дел РФ в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналисттерге Европа биримдигинин (ЕБ) санкциялар режимин бузду деп айып тагылууда. Алар сурактан кийин эч жакка кетпей тургандыгы жөнүндө тил кат жазып беришкен.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлиги Baltnews жана Sputnik Латвия агенттиктеринин орус тилдүү авторлорунун үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлгөнүнө байланыштуу Латвия бийлигин сынга алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. 

Буга чейин Sputnik Жакынкы чет өлкөлөр агенттиги аталган агенттиктердин авторлоруна Европа биримдигинин (ЕБ) санкциялар режимин бузду деп айып тагылып, суракка чакырылганын жазган. Ошондой эле ар биринен эч жакка кетпей тургандыгы жөнүндө тил кат алышкан. Латвиянын Кылмыш жана жаза кодексинин 84-беренесине ылайык, журналисттерге айып пулдан тарта эркинен ажыратууга чейин жаза каралган.

"Латвиянын Улуттук коопсуздук кызматынан орус тилдүү журналисттерге карата мындай мамилесин сөз эркиндигин жана демократия принциптерин бузуу деп баалайбыз. Журналисттерди кылмышка күнөөлөп, кармашты. Үйлөрүн тинтип, өздөрүн суракка алууда", — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Ведомстводон билдиришкендей, Sputnik Латвия агенттигинин авторлорун ЕБ санкцияларын бузду деп айыптоого мүмкүн эмес.

"Бул чектөөлөр бир гана "Россия сегодня" агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселевго тиешелүү. Медиахолдинг менен кызматташкан башка адамдарга таасир этпеши керек. Ошол эле учурда Baltnews агенттигинин орус тилдүү журналисттерин "тынчытуу" аракети болууда", — дешти тышкы саясат ведомствосунан.

Ошондой эле Россия ТИМи бул маселе Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунда (ОБСЕ) көтөрүлүшү керектигин кошумчалады.

"ОБСЕ төрагасы жана ЕБ сөз эркиндигине болгон мындай кысымга көңүл кош карабай, тиешелүү баасын берет деп үмүт артабыз", — дешти министрликтен.

Өз кезегинде RT жана "Россия сегодня" агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян Telegram каналы аркылуу Россия бийлиги Baltnews жана Sputnik Латвиянын авторлоруна карата куугунтук боюнча жооп берет деп ишенерин айтты.

Принесение присяги членами правительства в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Ар дайым сөз эркиндиги болсун! Жапаров ЖМК өкүлдөрүн майрамы менен куттуктады
Ушундай эле кырдаал былтыр Эстония мамлекетинде жаралган. Эстония бийлиги Sputnik Эстониянын журналисттерине кысым жасап, полиция эгер алар иштен бошонуп кетпесе, кылмыш ишин ачууну айтып коркутканы белгилүү болгон. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматынан кабарлашкан.

Таллин мындай кадамын Евробиримдик 2014-жылы Украинада болгон окуялардан кийин жеке жана юридикалык жактарга салган санкцияларга негиздеген.

ЕККУнун өкүлү Арлем Дезир эстон бийлигинин ЕБдин жеке санкцияларын Sputnik Эстония жамаатына колдонушу ЖМК эркиндиги жаатында көйгөй жаратарын айткан. Таллинди журналисттердин ишин керексиз чектөөдөн алыс болууга чакырган. Дезир Sputnik Эстония Евробиримдиктин санкцияларынын тизмесинде жок экендигин баса белгилеген.

Ал эми РФ президенти Владимир Путин Россия Sputnik агенттигинин башка өлкөлөрдөгү кызматкерлеринин ишин толугу менен колдой турганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0